Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Өлкөдөгү кризис: парламент өкмөттүн маалыматын укту

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын укту.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты. Сугат суу боюнча абал оор экенин, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан, маселе бар экенине токтолду.

Түшкө чейин парламент жыйынына Марипов келген эмес. Өлкөдөгү акыркы маселелерди талкуулаган депутаттар ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Алар сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго өкмөт башчынын өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Сессия соңунда депутаттар кандайдыр бир жыйынтыктоочу документ кабыл алышкан жок. Айтылган сын-пикирлерди эске алууну Мариповго айтып, ийгилик каалашты. Ал эске алууга аракет кылам деп жооп кайтарды.

17:26 17.6.2021

Жогорку Кеңештин депутаттары сугат суу маселеси жана антикризистик чаралар боюнча 17-июнда парламентке маалымат берүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзү келбегенине нааразы болушкан. Бир катар депутаттар Кыргызстанда сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго Мариповдун өзү жооп беришин талап кылышкан.

Депутат коңшуларга сууну сатуу демилгесин көтөрдү

17:26 17.6.2021

Улукбек Марипов: Маселе менде болсо азыр кеткенге даярмын, бирок иштен алуу маселени чечпейт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов парламентте ага ишеним көрсөтпөө тууралуу демилгеге жооп кайтарып, кызматтан кетүүгө жана айтылып жаткан көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирди. Ал 17-июнда агрардык комитеттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып:

“Эгер маселе менде болсо мен азыр кеткенге даярмын. Мен деле жыргап, ырахат алып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болуп жатат, биз уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат – маселени чечүү. Президентибиз Кумтөрдөн баштап бардык маселени коюп жатат, биз аракет кылып жатабыз”, - деди.

17:23 17.6.2021

Бүгүн парламентте Мариповго ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлгөн. Депутаттар сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго Мариповдун өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Агрардык комитеттин жыйынында да анын дарегине кескин сын айтылган.

Марипов кызматтан кетүүгө жана айтылып жаткан көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин билдирген, бирок “Бири-бирибизди чукулап, кызматтан алуудан маселе чечилбейт” деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG