Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов.

Өлкөдөгү кризис: парламент өкмөттүн маалыматын укту

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын укту.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты. Сугат суу боюнча абал оор экенин, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан, маселе бар экенине токтолду.

Түшкө чейин парламент жыйынына Марипов келген эмес. Өлкөдөгү акыркы маселелерди талкуулаган депутаттар ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Алар сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго өкмөт башчынын өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Сессия соңунда депутаттар кандайдыр бир жыйынтыктоочу документ кабыл алышкан жок. Айтылган сын-пикирлерди эске алууну Мариповго айтып, ийгилик каалашты. Ал эске алууга аракет кылам деп жооп кайтарды.

17:29 17.6.2021

Жогорку Кеңештин жыйыны (түз эфир)

17:44 17.6.2021

Кыргызстандагы Чүй дарыясы куйган Орто-Токой суу сактагычындагы суунун 15% Казакстанга агып жатат. Бул тууралуу айыл, токой жана суу чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, анда жалпысынан 4700 миллион куб метр суу бар. "1983-жылдагы келишимдеги тартипке ылайык, кыргыз тарап Казакстанга суунун 42% бериши керек. Бирок ушул тушта Казакстан суунун 15% гана алып жатат”, - деди министр.

Ушул күндөрү Чүй облусунун үч районунун дыйкандары айдоо талаалары суу жетпей күйүп баратканын айтып, митингге чыгууда. Өкмөт болсо суу жылдагыдан аз келип жатканын айтып жатат. Мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп эскерткендер да бар.

18:09 17.6.2021

Кыргызстанда азыр азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч бар. Бул тууралуу 17-июнда парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Ал азык-түлүктүн көбү сырттан импорттолорун белгилеп, алдын алуу иштери жүрүп жатканын айтты:

“Коркунуч бар. Муну биз жашырбай айтып жатабыз. 750 миң тонна ун камсыздасак, ошонун дээрлик 50% биз импорт менен алабыз. 105 миң тонна кант керектесек, анын 50 миң тоннадайын өзүбүз өндүрөбүз, калганын импорт алабыз. Өсүмдүк майын 85% импортко алабыз. Быйыл кант кызылча аянтын көбөйттүк эле, тилекке каршы, бул маселе эми аягына чыкпайт. Бирок биздин максат – комплекстүү чечимдерди кабыл алуу. Жашыл экономика аркылуу көп инвесторлорду азык-түлүк коопсуздук маселесине бурушубуз керек. Кышка карата азык-түлүк топтоп жатабыз”.

Кыргызстанда азык-түлүк, кара май жана башка продукция улам кымбаттоодо. Чүйдө сугат суу жетишпей, дыйкандар эмгеги текке кеткенин айтып жатышат.

Парламентте бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү. Марипов кызматтан кетүүгө даяр экенин, бирок андан маселе чечилбей турганын билдирди.

18:26 17.6.2021

Президент Садыр Жапаровдун өлкөнү өнүктүрүүнүн беш жылдык стратегиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Ушул жылдын аягына чейинки антикризистик программаны даярдаганбыз. Бирок аны бекитпей, токтоп турганыбыздын себеби, президенттин өнүктүрүү стратегиясы даярдалып жатат. Ошонун негизинде биз планды бекитебиз”, - деди Марипов.

Ушул тапта парламент Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын угуп жатат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG