Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Олимпиада жана дүйнө чемпиондору Бишкекте

Бишкекте 4-июнда жыйынтыкталган Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин элесине арналган күрөш боюнча рейтингдик мелдеште Кыргызстандын балбандары төрт алтын, эки күмүш жана сегиз коло байгеге ээ болушту. Мелдештин акыркы күнүндө болгон эркин күрөш боюнча таймаштарда алтын медалдарды Алмаз Сманбеков, Тайырбек Жумашбек уулу жана Орозобек Токтомамбетов тагынды. Күмүш байгелерге Алибек Осмонов (65 кг) менен Бекзат Алмаз уулу (57 кг) ээ болсо, коло байгелерди Абдымалик Карачов (61 кг), Икромжон Хажимуродов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг) жана Адилет Маратбаев (79 кг) алды.

Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшүнөн Бексултан Махмудов (97 кг), Дастан Кадыров (63 кг) жана Бексултан Назарбаев (82 кг) коло медалга ээ болгон. Мелдештин урунтуу учурлары "Азаттыкты" сүрөт баянында.


Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG