Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Олимпиада-2016 азилдери


Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... TKy. 12.7.11.
Кошоматка кой союп, астыңа мык да төшөп... TKy. 12.7.11.

Риодогу Олимпиада күндөрү спорт дүйнөсүндөгү азилдер менен коштолууда.

* * * * * * *

Олимпиадада кыска аралыкка чуркоо башталды. Амеркиалыктар: «Гоу! Гоу!» деп кыйкырышууда. Испандар: «Рапидо! Рапидо!» Немистер: «Шнелл! Шнелл!» Биздикилер: «Ташбака! Ташбака!»

* * * * * * *

- Алло! Бул Эл аралык олимпиада комитетиби?

- Ооба.

- Чучукту кызытмалардын тизмесине кошо элексиздерби?

- Чучук жеген киши медал алса, ошондо ал маселени карап көрөбүз.

* * * * * * *

- Силердин өлкөңөрдүн найза ыргыткан спортсменин эмнеге сындап атышат?

- Аны кызытма колдонду деп айыптап жатышат, бирок канында эч бир кызытманын изи жок экен.

- Анда болуптур да!?.

- Калыстар биротоло жыйынтык чыгаралы дешсе, тиги көккө ыргыткан найза дагы эле жерге түшпөй жатыптыр!

* * * * * * *

- Сегиз жылдан кийинки Олимпиада Лүксембургда өтөт дешет ко.

- Анда ал чоң-чоң стадиондорду жана спорт комплекстерин куруу үчүн 7 жыл ичинде коңшу өлкөлөрдү каратып алууга мажбур болот тура.

* * * * * * *

- Ата, Маскөөдө 1980-жылкы Олимпиададан кийин эмне калды эле?

- Дүйнө элдеринин балдары...

* * * * * * *

Беларус спортсмендери оюнда утуп жатышат.

Беларус күйөрманы:

- Малайцы! Малайцы!

- Кызык, булар – Малайзиянын атынан чыгып жатышабы? – анча-мынча орусча билген киши таңдана кобурайт.

- Жо-ок, беларусча “малайцы!” сөзү – орусча “молодцы”, кыргызча “азаматтар!” дегенди билдирет.

- Аа-а...

* * * * * * *

- Олимпиада деген эмне, ата?

- Олимпиада – бул кытайлык салттык медицина менен америкалык дары-дармек корпорацияларынын тымызын атаандашуусунун жайы.

* * * * * * *

Англистердин Олимпиада тууралуу анекдотунан.

- Сиз күмүш медалды эмнеге алдыңыз?
- Олимпиада тууралуу тажатма такмазаларым үчүн.
- Алтын медалдычы?
- Аларды айтууну токтотконум үчүн.

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG