Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:55

Дүйнө лидерлери Омандын жаңы султаны менен жолугушуп жатат


Омандын жаңы султаны Хайтам бен Тарик Ал-Саид. 11-январь, Маскат.
Омандын жаңы султаны Хайтам бен Тарик Ал-Саид. 11-январь, Маскат.

Дүйнө лидерлери жекшембиде Омандын жаңы султаны Хайтам ибн Тарик Ал-Саид менен жолугушуу үчүн Маскатка барышты. Андан бир күн мурда султанатты 50 жылдан бери башкарып келген Кабус ибн Саид 79 жашында көз жумган.

Алгачкылардын болуп Маскатка барган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана ханзаада Чарльз маркум султанды «улуу адам болчу» деп эскеришти. Ошондой эле бул күнү жаңы султан менен жолугушууга Кувейттин шейхи, Катардын бийликтеги эмири жана Ирандын тышкы иштер министри да барды.

66 жаштагы султан Хайтам Саид буга чейин Омандын маданият министри болуп иштеп келген. Ал өз жолун султан Кабус тандаган багыт менен улантарын билдирди. Султан Кабус башкарган жылдары Оман тышкы саясатта Батыш өлкөлөрү менен жакын мамилени карманып келген.

Ал-Саиддердин үй-бүлөсү Перс булуңундагы бул өлкөнү XVIII кылымдан бери башкарат.

XS
SM
MD
LG