Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Москвада карантин чаралары жоюлду


Орусиянын Улуттук Гвардиясынын аскерлери Москва көчөлөрүндө жүрүшөт.
Орусиянын Улуттук Гвардиясынын аскерлери Москва көчөлөрүндө жүрүшөт.

Москвада эки айга созулган карантин чаралары жоюлуп, чек аралар ачылды. Өкмөт башчы Михаил Мишустиндин токтомуна ылайык, 9-июндан тартып орусиялыктар чет жактарга дарылануу, билим алуу же ооруп жаткан тууганына көз салуу максаттарында чыга алышат. Чет элдиктерге да ушундай эле шарттарда Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат берилет.

Москванын тургундарына шаар боюнча ары-бери жүрүүгө уруксат берген атайын кагаздарды алуунун зарылчылыгы жок.

Орусияда коронавирустан жабыркагандардын саны 480 миңден ашты.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, COVID-19 илдетинин жайылышы боюнча Орусия учурда АКШдан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чектөөлөрү жоюлуп, ишканалар жанданып жатканы менен Дүйнөлүк банк экономика дагы эле кризисте экенин эскертти. Уюм билдиргендей, мындан улам миллиондогон адамдар жакырчылыкка туш болуу коркунучу бар.

XS
SM
MD
LG