Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

ЕККУ Азербайжанда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө тынчсызданууда


ЕККУнун өкүлү Арлем Дезир. Алматы. 24-май, 2018-жыл.
ЕККУнун өкүлү Арлем Дезир. Алматы. 24-май, 2018-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жакында эле Азербайжанда коронавирус тууралуу жалган маалыматтар менен күрөшүү максатында мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу уюмдун массалык каражаттардын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир 25-мартта билдирди.

Ал өзгөчө кырдаалдарда жалган маалыматтарга каршы күрөш маанилүү экенин, бирок Азербайжанда мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр журналисттердин ишине жана пандемияга байланыштуу окуяларды чагылдырууга тоскоолдук кылбашы керек экенин белгиледи.

«Маалымат каражаттары коомчулукту маанилүү маалыматтар менен камсыз кылууда жана «фейк жаңылыктарга» каршы күрөшүүдө негизги роль ойнойт», - деди Дезир.

Мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү Азербайжан парламенти 17-мартта жактырган. Аларга ылайык, медиа каражаттарынын жетекчилиги жалган маалыматтарды жарыялабоого тийиш. Дезир расмий Баку бул мыйзамды бир гана коронавируска байланыштуу маалыматтарга эмес, өзүнө жакпаган кабарлардын баарын алдырууга да колдонот деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG