Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Пакистанда бороон 15 кишинин өмүрүн алды


Кветта шаарындагы суукта отко жылынып отурган жергиликтүү адамдар. 13-январь, 2020-жыл. Пакистан.
Кветта шаарындагы суукта отко жылынып отурган жергиликтүү адамдар. 13-январь, 2020-жыл. Пакистан.

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан аймагындагы эки күндөн бери токтобой жаткан бороон-чапкын кеминде 15 кишинин өмүрүн алды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын көбү үйлөрүнүн чатырлары кулап каза тапты. Калың жааган кардан улам провинция борбор Кветта шаарын башка аймактар менен байланыштырган кан жол жабылып калды. Жети райондо өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

12-январда коңшу Ооганстанда да суук менен калың түшкөн кардан улам 19 киши каза болгону кабарланган. Жалпысынан быйыл Ооганстанда тоңуп өлгөндөрдүн саны 24 кишиге жетти.

XS
SM
MD
LG