Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Пелоси: импичмент жараяны Сенатка качан жиберилери чечилет


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пелоси.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасынын спикери Ненси Пелоси.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка каршы импичмент жарыялоо боюнча ишти Сенатка качан жиберерин 14-январда чечет. Бул тууралуу спикер Ненси Пелоси 12-январда АВС каналына маек куруп жатып айтты. Ал бул боюнча атайын добуш берүү өтөрүн да кошумчалады.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Демократтар үстөмдүк кылган Өкүлдөр палатасы 18-декабрда «Трамп кызматынан кыянат пайдаланган» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук жараткан» деген резолюцияны кабыл алып, импичмент жарыялаган. Эми маселе Сенатта каралышы керек. Байкоочулар Трамптын партиялаштары - республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенат импичментти колдобой коерун боолгошууда.

XS
SM
MD
LG