Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

Сегиз айда он үч миллион долларга тете газ жоголду


25-сентябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат болуп, анда кышка даярдык талкууланды. Жыйында газ үчүн карыз 18 миллион долларга жеткени маалымдалды.

Жогорку Кеңеште кышка даярдык маселеси талкуулана баштаганда Ош шаарына Өзбекстан газ берүүнү токтоткону кабарланды.

“Кыргызгаздын” башчысы Саламат Айтикеев Ташкенге барып, келерки жылга газ сатып алуу жана карыздар маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Былтыркы келишимге ылайык Кыргызстан бир миң кубметр газга 240 доллар төлөөдө. Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун маалыматы боюнча, быйыл кыргыз тарап газдын баасын 40 долларга арзандатып, бир миң кубметр газды 200 доллардан алууга аракеттенүүдө.

Бирок парламенттеги талкууларга караганда, кыргыз өкмөтү чече турган проблема Ташкенде эмес, өлкө ичинде көбүрөөк экен. Анткени “Кыргызгаз” Өзбекстандан сегиз айда алган 200 миллион кубметрден ашыгыраак газдын 52 миллион кубметрин же 25% ашыгын жоготкон. Бул акчалай санаганда 13 миллион долларды түзүүдө. Жоготуулар тууралуу Бабанов буларды билдирди:

- Газ маселеси боюнча айта кетсек, күнөө бизде да бар. 48 миллион долларга газ сатып алып, 18 миллион долларга карыз болуп отурабыз. 18 миллион доллардын ичинен 13 миллион доллар жоготуу болгон. Бул табылбай турган акча.

Өткөн жылы “Кыргызгаздын” жоготуусу 13% болсо, быйылкы жылы 25%дан ашып кеткен. Бир жылдын ичинде жоготуулардын эки
эсеге көбөйүшүнө кимдир-бирөө жооп береби деген суроого Бабанов, премьер-министр Игорь Чудинов АКШдан келер менен газ тармагын ушундай абалга жеткирген жетекчилердин жоопкерчилигин кароо маселесин киргизем деп жооп берди.

Парламенттеги өкмөттүк саатта Казакстандан көмүр сатып алуу маселеси да көтөрүлдү. Өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы боюнча, Улуттук электр станциялар акционердик коомунун башчысы Сапарбек Балкыбеков бул күндөрү Астанада көмүр, кара май сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргызстан жыл сайын Казакстандан Бишкек жылуулук борборуна 20 миллион доллар көмүр сатып алат.

Депутат Роза Отунбаева бул акчаларды жергиликтүү көмүр кендерине жумшоо маселесин көтөрдү:

- Мыйзамдык жол менен Казакстандан көмүр сатып алууга тыю салышыбыз керек окшойт. Аяктан көмүр ташуудан кээ бир адамдар эсепсиз байып жатканын билебиз. Союз мезгилинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Таш-Көмүрдөн эле көмүр алып келчүбүз. Менин маалыматым боюнча, Казакстандан бир тонна көмүрдү 44 доллардан алып жатабыз. Президент Бакиев ТЭЦте болгон учурда күйбөгөн күлботону ташууну токтотууну айткан эле. Бирок ал токтобой келет. Ошондуктан биздин көмүр тармагыбыз аксап жатат.

Кыш мезгилине толук кандуу даярдык көрүүгө каржылоонун жетишпегендиги терс таасирин тийгизип жатат. Маселен, азыркы мезгилге карай бюджеттин киреше бөлүгүнө 5 миллиард сом түшпөй калган. Ошонун айынан кышка даярдык да пландагыдай каржыланбай калган.

Парламенттеги өкмөттүк саатта Россиянын Саян-Шуша ГЭСиндеги кырсыкка байланыштуу өлкөдөгү ГЭСтердин абалы депутаттардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Улуттук электр станциялар акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Жолдошбек Назаров ГЭСтердин абалы начардыгын жашырбады:

- ГЭСтердин бүгүнкү абалы чынында начар. Бишкек жылуулук борборунун жабдууларынын жешилиши 100% ашып кетти. ГЭСтерде болсо жешилүү 50% ашып калды. Бирок бүгүнкү күндө биз аларды жаңы жабдуулар менен камсыздоого каржылык мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Министрлердин маалыматы боюнча, билим берүү тармагы кышка 40%, саламаттык сактоо тармагы 75% даярдык көргөн.

Бишкек жылуулук борборуна 210 миң тонна көмүр топтолгон. Өткөн жылы ушул мезгилге карай 175 миң тона көмүр болгон экен.

Парламенттеги өкмөттүк сааттын соңунда токтом кабыл алынды. Анда Казакстандан көмүр алууну бара-бара азайтуу, кышка даярдык учурунда кетирилген кемчиликтерди четтеттип, декабрь айында токтомдун талаптарын аткаруунун жүрүшү боюнча маалымат берүү өкмөткө тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG