Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Лавров: маршал Коневдин эстелиги Прагада кайра орнотулушу керек


Коневдин эстелигин ордунан алуу. Апрель, 2020
Коневдин эстелигин ордунан алуу. Апрель, 2020

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров советтик маршал Иван Коневдин эстелиги Прагада кайра ордуна тургузулушу керек деп билдирди. Чехиянын башкалаасынын бийликтери эстеликти өткөн айда ордунан алышкан. Жума күнү РБК кабар агенттиги жарыялаган маегинде Лавров чех бийликтеринин бул чечимине берген түшүндүрмөсүн "жаш баланын айтканы" деп, аны 1993-жылы кол коюлган Орусия менен Чехия ортосундагы достук тууралуу келишимди бузуу деп сыпаттады. Коомдук талаш-тартыштын обьектине айланган маршал Конев 1945-жылы 9-май күнү Праганы фашисттерден бошотуу ишин аягына чыгарган куралдуу дивизияны башкарган. Ал эстелик турган Праганын районунун жетекчилиги маршалдын айкели музейге жөнөтүлүп, ал жерге Боштондукка арналган башка эстелик тургузулат деп билдиришкен.
Бул чечим эки өлкө ортосундагы алакаларды салкындатып, чех бийликтери Орусиянын атайын кызматтары Праганын үч жетекчисин ууландырууга аракет кылды деп айыптап чыккан. Москва бул айыптоолорду четке кагып, далил көргөзүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG