Президент Сооронбай Жээнбеков 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин аппаратты билдирди.
Өлкө башчы эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун жолдорун кароо керектигин айтты.
Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы планды ишке ашыруу, коронавирустун мындан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча маалымат берди.
Жээнбеков COVID-19 вирусу менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар сакталышына көңүл бурууга чакырды.
Коронавирус пандемиясынан улам Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылган. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушул эле убакытка чейин өзгөчө абал киргизилген. Аталган аймактарда 21:00дөн таңкы 6:00гө чейин көчөгө машине жана адамдар чыкпашы керек.
Өзгөчө абал жарыялангандан кийин азык-түлүк өндүргөн, дары-дармек чыгарган ишканалардан башка дээрлик бардык өндүрүш токтотулду. Кыргыз бийлиги айрым тармактарда ишмердикти жандантуу маселесин карап жатат. (BTo)