Орусиянын президенти Владимир Путин 25-мартта атайын кайрылуу таратып, референдумду пандемияга байланыштуу жылдыра туруу жөнүндө чечим кабыл алынганын билдирди.
22-апрелге белгиленген референдумда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр элдин добушуна коюлмак. Алардын арасында Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, кийинки жолу да шайлоого катышууга укук берген жобо бар.
«Элдин саламаттыгы, өмүрү жана коопсуздугу биз үчүн артыкчылыктуу маселе», - деди Путин.
Орус өкмөтү коронавирусту 700дөй адам жугузуп алганын билдирген. Вице-премьер-министр Татьяня Голикованын айтымында, соңку бир суткада бул илдетке чалдыккандар үч эсе көбөйдү.
Анткен менен 146 миллион калкы бар өлкөдө жугуштуу илдеттин жайылышы тууралуу маалымат жашыруун болуп жатат деп күмөн санагандар арбын.