Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

“Азаттыктын” кабарчысын Түркмөнстанга киргизбей коюшту


"Субъектке киргенге мүмкүн эмес", - деген кагаз карматышты
"Субъектке киргенге мүмкүн эмес", - деген кагаз карматышты

Ушул аптанын шаршембисинде “Азаттык” радиосунун Прагадагы кабарчысы Алламурад Рахимовду Түркмөнстанга киргизбей коюшту. Канаданын жараны Рахимовго түркмөн визасы берилген болчу. Бирок ал Ашгабадга келгенде аны белгисиз себептен улам “мамлекетке кирүүгө тыйуу салынган адамдардын катарында экенин” айтып, киргизишкен жок.

Алламурад өзү мунун чоо-жайына токтолуп, маселенин баары Түркмөнстанда “мамлекетке киришине тыйуу салынгандардын айтылуу кара тизмеси” бар экендигинде деди. Буга чейин “кара тизме” туралуу көп эле айтылса да, аны күбөлөндүргөн далилдер жетишсиздей сезилчү.

Рахимов индуизм динин тутунат. Мусулмандар басымдуулук кылган мекенинде анын башка динде экенин билгендерден кысым күчөгөндүктөн, ал 1999-жылы Канадага кетип калган. Кийинчерээк Канаданын жарандыгын да алды. 2002-жылдан тарта Рахимов “Азаттык” радиосу менен кызматташа баштады.

Алламурад Рахимов

Мекенинен чыгып кеткенден 11 жыл өткөндөн кийин, Алламурад тууган-туушкандарын көрүш үчүн кайра Түркмөнстанга барууну чечкен эле. Ал чет-мамлекеттин жараны болгондуктан түркмөн тараптан ага чакыруу керек болчу - туугандары чакырышты.

“Чакыруу кагазын Миграция кызматы берет. Бирок маселе Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан да көзөмөлдөнөт. Ошондуктан мага чакыруу беришкени, демек, менде эч кандай проблема жок экенин билдириши керек эле. Бул мен үчүн жеңиштей болгон”, - дейт ал.

Кийин Рахимов Венадагы элчиликтен ошол чакыруунун негизинде виза да алды. Ошентип, 18-майга билет алып, Түркмөнстанга Стамбул аркылуу жөнөгөн. Стамбулга конгондо ага капысынан Венадагы элчи өзү чалып: “Сага чакыруу да, виза да натуура берилип калыптыр. Сени өлкөгө киргизишпейт. Ошондуктан артыңа кайт”, - дейт. Бирок Алламурад жолго чыккандан кийин, жарым жолунан артка кайтууну каалаган жок.

“Ошондуктан мен акырына чейин барам дедим. Эгерде мени Түркмөнстанга киргизбей коюшса, мамлекет уятка калат. Эгер мен өзүм жарым жолдон артка кайтсам, алар мага телефон аркылуу билдиришкенин да далилдей албайм, мага эч ким ишенбейт, - деп чечтим”, - дейт ал.

Ошентип, 19-майда таң эртелеп, Ашгабадка конгон Алламурад башка жүргүнчүлөр менен кошо паспорт көзөмөлүнө кезекке турат. Анын кезеги келгенде документтерин көпкө текшерип, акыр аягында бийликтер Алламурадды киргизбей коюшту. Көзөмөлдө тургандар ага бир кагазга кол коюшун талап кылышат.

“Мен аларга “Кагазды толук окумайынча, кол койбойм”, - дедим. Окусам, ал жакта мени эмне үчүн өлкөгө киргизишпегенинин себеби жазылыптыр. Ал жерде адамдарды кайсыл учурда кайра артына кайтарышаары тууралуу кеңири маалымат берилген. Карасам, мени киргизишпегенинин себебин “Бул адамга Түркмөнстанга кирүүгө мүмкүн эмес” деп гана жазылган эле. Башка эч нерсе жок. Бул түшүнүксүз жооп экенин айтып, себебин айткыла дедим. Айтышпады. “Кара тизме” дегендин принциби ушундай иштей турганын түшүндүм”, - дейт кабарчыбыз.

Биздин кесиптешибиз аны эмне үчүн мекенине киргизишпей коюшканын өзүнүн жеке кесиптик ишмердиги менен байланыштуу деп ишенет.

“Менин жеке пикиримде, бул менин журналисттик ишим менен байланыштуу болду, - деди “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын кабарчысы Алламурад Рахимов. - Алар мени “Азаттык” радиосунда иштегеним үчүн өлкөгө киргизишкен жок. Анткени Түркмөнстанда “Азаттык” радиосун Советтер Союзунан бери эле “душман радио” деп эсептеп келишет.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG