Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Эки башка орозо туткан коңшулар


6-июндан тартып рамазан айы башталды
6-июндан тартып рамазан айы башталды

Өзбекстанда орозо айы эл чакырып ифтар өткөрүүгө тыюу салуу менен башталды. Кафе-ресторандарда ифтар уюштурууга чектөөнү өзбек муфтияты жогору бийликтен суранганын ачыкташты.

Борбор Азияда 6-июндан тартып рамазан айы башталды. Өзбекстандын муфтияты орозо алдында кафе-ресторан жана мечиттерде эл топтоп ифтар берүүгө тыюу салууну бийликке сунуштады. Кыргызстанда орозо айында жүздөгөн киши чакырып, ооз ачтырып, аны ар кандай максатта пайдалануу кадимки көрүнүшкө айланган.

Өзбекстан: ифтарга салынган тыюу

Мусулмандар башкармалыгынын төрага орунбасары, шейх Абдулазиз Мансур ислам тарыхын эске алуу менен ушундай чечим кабыл алынганын айтат.

- Кафе-ресторандарда жана мечиттерде ифтар өткөрүүгө акимият биздин сунушубуз менен тыюу салды. Бул мамлекеттин саясаты эмес. Биз мындай кадамга ислам тарыхын эске алуу менен бардык. Биздин пайгамбардын доорунда ифтар тамак-ашы жок адамдар үчүн уюштурулган. Азыр болсо ифтар муктаждарга кам көрүү эмес эле ысырапкерчиликтин булагына айланды. Ифтарды мечитте уюштурган көрүнүш пайда болду. Бул дагы ислам тарыхында жок нерсе. Ошондуктан ифтар мечиттерде берилбейт.

Өзбекстандын муфтияты муну менен эле чектелбей жарандардын өз үйлөрүнө канча киши чакырып, ооз ачтырса болорун дагы сунушташкан.

- Адамдар Мекенин өзүндө ифтар өткөрүшөт. Анткени алардын өздөрүнүн үйү жок. Биздин болсо бардык жарандарыбыздын өз үйлөрү бар. Ифтарды үй-бүлө мүчөлөрү, өтө жакын санаалаштар же туугандар менен өткөрүү керек. Илгери ифтар ач калган, камкордукка муктаж адамдар үчүн берилген. Азыр болсо ифтар шаан-шөкөт, салтанат-тойго айланып кетти. Биз мындан эч кандай пайда жок экенин элге түшүндүргөнгө аракеттенип жатабыз.

Коомдук жайларда массалык ифтар өткөрүүгө өзбек бийлиги тыюу салганына эки жыл болду. Эмне үчүн эки жыл мурун буга тыюу салынбаганын сурашканда өзбек муфтияты негиздүү жооп берген жок.

Ташкент: мечиттеги ифтар (сүрөт эки жыл мурун тартылган)
Ташкент: мечиттеги ифтар (сүрөт эки жыл мурун тартылган)

Ташкенттеги ресторандардын биринин ээси эки жыл мурун эл чакырып, ифтар берүүгө эч кандай чектөө болбогонун эскерет.

- Шаарда бардык адамдар иштешет, анын үстүнө күн абдан ысык. Ресторандарда болсо тамакты даярдаганга, аны сактаганга жана элге бергенге толук шарттар бар. Мурда биз орозо айынын экинчи аптасынан баштап күн сайын заказ алчубуз. Эки жылдан бери ифтар өткөрүүгө заказ албай калдык. Бул боюнча борбордук акимияттын атайын буйругу бар. Азырынча ал буйрукту эч ким жокко чыгара элек. Бирок бийлик деле муну жүйөлүү себептен улам жасап жатат деп ойлойм, - деди атын-жөнүн айтпаган ресторандардын биринин жетекчиси.

Кыргызстан: саясатка айланган ифтар

Кыргызстанда орозо айы коңшу Өзбекстандан такыр айырмаланат. Маселен 30 күндүк орозодо президент баш болгон аткаминер, таанымалдар ар облуста эл чакырып, ооз ачтырат. Кафе-ресторандар жер-жерлердеги тың чыкмалар өткөргөн ооз ачарлардан бир топ киреше табат.

"Ыйман" фонду мамлекеттик резиденцияда уюштурган ооз ачар. Бишкек, 2014
"Ыйман" фонду мамлекеттик резиденцияда уюштурган ооз ачар. Бишкек, 2014

Ош шаарынын тургуну Төлөгөн Келдибаев Кыргызстандагы диний эркиндикти саясий жана башка кызыкчылыктарга пайдалануу өнөкөткө айланганын белгилейт.

- Жыл сайын облустардын борборлорунда жүздөгөн адам чакырылып, президенттин атынан ифтар берилет. Бирок ага жээрге наны жок бей-бечаралар чакырылбайт. Баягы эле курсагы ток мурунку депутаттар, мурунку министрлер, жетекчи кызматтарда иштегендер чакырылат. Ал эле эмес рамазан айын криминалдык авторитеттер дагы пайдаланып атышат. Алар да ресторандарда элге чай берип, жакшы мусулман болуп көрүнүүгө жетишип калышат. Биздин муфтият, Уламалар кеңеши бул боюнча атайын чечимин чыгарышы керек. Мисалы ифтарды ким бериш керек, кимдерге бериш керек жана канча өлчөмдө? Негизи оорулуу, колунда жокторго ифтар берилсе туура болот деп ойлойм.

Акыркы үч жылдан бери коңшу Өзбекстанда орозо айында катуу чектөөлөр менен тескөөлөр киргизилип, анын аткарылышын бийлик бутактары катуу көзөмөлгө алууда. Маселен үйүндө ифтар берүүнү каалаган адам айыл башчыдан алдын ала уруксат алып, айыл аткаминерлерин кошо чакырууга милдеттүү. Ошондо дагы чакырылган коноктордун саны 20 адамдан ашпоосу талап кылынат. Орозо күндөрү окула турган тараба намазга окуучуларды жолотпоо үчүн мугалимдер мечиттердин дарбазасын кезектешип көзөмөлдөшөт.

XS
SM
MD
LG