Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Армениянын мурдагы президенти күрөөгө акча төлөп, кепилдик астында камактан чыкты


Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян сот залында.
Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян сот залында.

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян 2 миллиард драм (болжол менен 4 млн. 100 миң доллар) өлчөмүндө күрөөгө акча төлөп, жума күнү кепилдик астында камактан чыгарылды. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы кабарлады.

Кочарян ушул жылдын жазында ага операция жасалган медициналык борбордо дарылануусун улантып жатканын саясатчынын кеңсеси тастыктады.

65 жаштагы Роберт Кочарянга бийликти басып алуу жана коррупциялык иштер боюнча күнөө коюлган. Мурдагы президентке 2008-жылдын мартындагы окуялар боюнча да айып тагылууда.

Анда Ереванда оппозициянын тарапташтарынын нааразылык жыйынын күч менен таратууда он киши набыт болгон. Андагы каршылык акциясы президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканда күчөгөн жана демонстранттар менен кошо өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Никол Пашинян да убактылуу камакка алынган.

Роберт Кочарян 2018-жылы камакка алынган кезде жаңы бийликтин куугунтугуна кабылганын айткан.

XS
SM
MD
LG