Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-ноябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Орусиялык актер Михаил Ефремов 12 жылга кесилиши мүмкүн


Орусиялык актер Михаил Ефремов.

Орусиялык таанымал актер, соңку жылдары Кремлдин саясатын сынга алып келген Михаил Ефремов адам өлүмү менен коштолгон аварияга кабылганы үчүн 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Полиция билдиргендей, Ефремов мас абалында "Jeep Grand Cherokee" автоунаасында катуу ылдамдыкта баратып, бет маңдайынан чыккан машине менен кагышкан.

Жол кырсыгында Ефремов жабыркаган эмес, ал эми башка автоунаанын айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров өзүнө келбей жатып көз жумган.

Жол кыймылдарын тескеген борбор “Твиттердеги” баракчасына авариянын видеосун жарыялады:

Ефремовго “мас абалында адам өлүмү менен коштолгон аварияга себепчи болгон” деген берене боюнча айып тагылды. Ага ылайык, 12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG