Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Орусия коронавирус аныкталган чет элдиктерди депортациялашы мүмкүн


Москвада беткап кийип жүргөн турист. 29-январь, 2020-жыл.

Орусия коронавирустун белгилери аныкталган чет элдиктерди депортациялоону көздөп жатат. Премьер-министр Михаил Мишустин бул тууралуу 3-февралда өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди.

- Эми жаңы вирус өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмесине кирди. Бул илдетти жугузуп алган чет өлкөлүктөрдү депортациялоого мүмкүнчүлүк берет. Биз алды менен өз жарандарыбыздын коопсуздугу жана саламаттыгы тууралуу ойлонушубуз керек, - деди Мишустин.

Ал ошондой эле Сочиде ушул айда өтө турган инвестициялык форум вирустан улам жылдырылганын билдирди.

Орусияда коронавирус жугузуп алган Кытайдын эки жараны катталган. Орус өкмөт башчысынын билдирүүсүнөн бир аз мурда Кошмо Штаттар Кытайдын вирус тараган Хубей провинциясынан жарандарын чыгарып кетүүнү пландап жатканын билдирген. Расмий Бээжин Вашингтонду окуяга ашкере маани берип жатканы үчүн айыптады. Анткени андан мурда АКШ биринчилерден болуп дипломаттарын чыгарып кетүүнү сунуш кылган жана алгачкылардан болуп кытайлык туристтерге АКШга кирүүгө чектөө киргизген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2-февралга карата Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 360тан ашты. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул илдетти жугузуп алгандардын саны 17 300дүн тегерегинде.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG