Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:18

Орусияда дагы бир уюм "тыңчы" деп табылды


Кыйноолорго каршы комитетинин төрагасы Игорь Каляпин.
Кыйноолорго каршы комитетинин төрагасы Игорь Каляпин.

Орусияда Кыйноолорго каршы комитет деп аталган бейөкмөт уюм жабылууда. Январда бийлик аны “чет өлкөлүк агенттер” тизмесине киргизген. Жакында болсо комитеттин Чеченстандагы кеңсеси аламандаган топтун чабуулуна туш болгон.

Комитетти жабуу тууралуу чечим атайын конференцияда кабыл алынып, эки жумадай убакыт ичинде бардык кагаздар бүткөрүлмөкчү. Уюмдун жетекчиси Игорь Каляпиндин айтымында, укук коргоочулар өз ишмердигин токтотушпайт.

“Эч кандай уюм түзбөй деле, юрист, укук коргоочулар тобу катары адам укуктарын коргоо, мыйзам бузууларга каршы күрөшүү иши менен алектенсе болот”, - деди Каляпин.

8-июлда Нижний Новгороддун облустук соту комитетти “чет өлкөлүк агент” деп таануу боюнча чечимге каршы апелляциялык арызды четке каккан.

Бийлик агенттердин реестрине уюмду үстүбүздөгү жылдын 16-январында киргизген.

2012-жылы президент Владимир Путин кол койгон “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу мыйзамга ылайык, укук коргоочу уюм башка мамлекет тарабынан каржыланып, Орусиянын аймагында саясий ишмердик жүргүзсө, ал “чет өлкөлүк агент” деп таанылат.

Комитеттин өкүлдөрү белгилешкендей, прокурорлор “коомчулукту жана бийлик өкүлдөрүн полициядагы зордук-зомбулук фактылары жана тергөө комитети тарабынан алардын жакшылап иликтенбей жатышы тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү” саясий ишмердиктин мисалы катары келтиришкен.

Каляпин адам укуктарын коргоо иштерине ички каржы булактар табылбасын, ошол себептен чет жактардан финансылык жардам суроого аргасыз болушканын айтат.

Юстиция министрлиги Комитет жарыялаган материалдарда чет өлкөлүк агент экени көргөзүлбөгөндүгү үчүн айып пул салынарын эскерткен.

“Айып пул төлөөгө акчабыз жок. Анын үстүнө өзүбүзгө андай жарлык таккыбыз келбейт, биз чет элдик агент эмеспиз, бул – калп. Министрликке расмий кат жазып, уюм жоюлуп жатканын кабарлайм”,– дейт Каляпин.

Бейөкмөт уюмду 2000-жылы Нижний Новгороддогу укук коргоочулар түптөшкөн. Өткөн декабрда Чеченстандагы кеңсесине белгисиз бирөөлөр өрт коюп, жакында болсо темир союл, балкалар менен куралданган жаштар талкалап кетишкен.

Анын алдында Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун тарапкерлери Каляпин менен кесиптештерине жумуртка ыргытып, Москвада өтүп жаткан пресс-конференцияны үзгүлтүккө учуратышкан. Укук коргоочулар чечен лидерин согушкер деп шектелген адамдардын үй-бүлөлөрүн тобу менен жазалоо практикасын катуу сындашкан.

Активисттер “чет өлкөлүк агенттер” жөнүндөгү мыйзамды Путин 2012-жылдын май айында кайтып келгенден кийин жүргүзө баштаган жарандык коомду куугунтуктоо саясатынын бир бөлүгү деп билишет.

Жобо Батыштын, эл аралык укук коргоо уюмдарынын катуу сынына кабылды. Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Нилс Музниекс “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, ал өңдүү мыйзамдар европалык стандарттарга каршы келерин белгиледи:

- Биз жүргүзгөн анализ көргөзгөндөй, Орусиядагы 200 алдыңкы укук коргоочу уюмдун жабылышына “чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзам таасир тийгизген. Ал уюмдар бир топ жылдардан бери адам укуктары чөйрөсүндө жакшы иш алып барышкан. Алардын жабылышы калган чакан уюмдардын өзүн өзү цензуралоого, ишмердигин чектөөгө алып келүүдө.

Кыйноолорго каршы комитетинин алдында илим жана билим берүү тармагында иш алып барган “Династия” фонду да май айында чет өлкөлүк агенттер тизмесине камтылгандан кийин жабыларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG