Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Миграциялык борбордо тажик жараны көз жумду


 "Сахарово" миграциялык борбору
"Сахарово" миграциялык борбору

Москва облусундагы "Сахарово" миграциялык борборунда тажикстандык жаран каза болду.

Маалыматты Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бышыктап, маркум өзүн жаман сезип кулаганын, азыр өлүмүнүн себептери текшерилип жатканын кошумчалады.

Тажикстандын Пенжикент районунун жашоочусу, 48 жаштагы Комилжон Эсанов жекшемби, 5-апрелде "Сахарово" миграциялык борборунда патент алып, керектүү кагаздарды бүтүргөндөн кийин коомдук транспорт жүргүчө ошол жакта түнөп калууну чечет. Атайын бөлмөдө отурган жеринен өзүн жаман сезгенде тез жардам машинесин чакырышат, бирок доктурлар аны куткара алышкан эмес.

Миграциялык борбордун башкы директору Николай Федосеев дароо Тажикстандын Эмгек жана миграция министрлигинин расмий өкүлү Асрор Одинаевди дүйшөмбүгө караган түнү болгон окуя тууралуу кабардар кылган.

Миграциялык борбор
Миграциялык борбор

Тажикстандын Москвадагы элчилигинин дипломаты Мухаммед Эгамзоданын айтымында, ушу тапта маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилип жатат. Элчилик чыгымдардын жарымындайын өзү көтөрмөй болду.

Калган акчаны жердештери чогултууга аракеттенишүүдө.

Москвадагы тажик мигранттарынын башын бириктирген уюмдун жетекчиси Каримжон Йоров борбордогу шарттар анча жакшы эмес деп айтат:

- Ал жердеги шарттар оор эле. Элестетсеңер, бүтүндөй Москвадан толтура эл келет, түртүшүп кезекте турушат. Дагы жакшы жакындан бери күнү-түнү иштеп калды. Бир түндүн ичинде эле кезекте 3-5 миңдей киши турат. Ага чейин болсо 2-3 жуманын ичинде керектүү кагаз-документтерди чогултуш керек. Мунун айынан кээде айрым мигранттар жумуштарынан айрылып калган учурлар да болот. Бизге, укук коргоо борборуна ошондой проблема менен көп эле кайрылышат. Кышкысын палаткаларды орнотушту, бирок ал деле жардам бербейт экен.

Миграциялык борбор
Миграциялык борбор

1-январдан тарта Орусияда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, чет элдик эмгек мигранттарына квота системасы жоюлуп, патенттик негизде гана жумушка алышат. Ал эми ал патентти алуу үчүн адегенде медициналык текшерүүдөн өтүп, орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча тест тапшырышы керек.

Маркумдун айылдашы Дилшод Ашуров да өткөн жекшембиде “Сахароводо” болуп, бирок патент алгандан кийин үйүнө кетиптир. Ал айтып бергендей, Эсанов Орусияга 5-6 жылдан бери келчү жана эч качан ден соолугуна даттанчу эмес:

- Комилжон акыркы жолу ушул январдын 25инде Тажикстандан Москвага 18 жаштагы уулу менен бирге келген. Биз турак коттедждерди курган бригадада чогуу иштечүбүз. Жумуш шарттарыбыз жакшы эле. Түн ичинде иштебейбиз, жаныбызда анча кыйнабайбыз. Биз маянага эмес, келишим боюнча иштейбиз деп макулдашканбыз. Мындайча айтканда, канча иш бүтүрсөк, ошончо төлөшөт. Комилжондун 4 баласы бар. Улуусу жаңы эле армиядан келип, азыр айылында.

Эсиңиздерге сала кетсек, бир нече жума мурун Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине бул борбордун ишин көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен нота жиберген. Буга сааттап кезекте турган мигранттардын көптөгөн даттануулары себеп болгон. Ошондон кийин борборду 24 сааттык режимге которушкан.

"Сахарово" миграциялык борбору

XS
SM
MD
LG