Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Орусия бардык авиакаттамдарды токтотот


«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы. 31-июль, 2018-жыл. Нижний Новгород.
«Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы. 31-июль, 2018-жыл. Нижний Новгород.

Орусия 27-марттан тартып бардык авиакаттамдарды токтотот. Болгон чет жактагы орусиялыктарды алып келиш үчүн учактар жиберилет. Бул чаралар коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында кабыл алынды.

Чет өлкөдөн келген орусиялыктар милдеттүү түрдө эки жумалык карантинге алынат. «Аэрофлот» компаниясы ушул күнгө карата 94 эл аралык каттамдын 92син жапканын билдирди.

Орусияда бир жумалык эс алуу жарыяланган. Буга байланыштуу баш калаа Москвада бардык дүкөн-ресторандар, коомдук көңүл ачуучу жайлар жабылат. Азык-түлүк саткан дүкөндөр ачык болот.

Орусияда коронавирус жуккан адамдардын саны 650дөн ашты. Үч киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG