Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:28

Орусия: түрмөдөгү тополоңдо бир адам өлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Иркутск облусундагы түрмөлөрдүн биринде болгон тополоңдо камактагылардын бири каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Көз карандысыз маалымат агенттиги Ангарск шаарындагы №15 түрмөдө болгон окуяда 300дөн ашуун адам жараат алганын кабарлады. Укук коргоочулардын айтымында, козголоңдун тутанышына күзөтчүлөрдүн бири жазасын өтөп жаткан адамды сабап койгону түрткү болгон.

Жабык жайдын кызматкерлеринин такай кайталанып келген мындай кадамдарына каршылык билдирүү максатында камактагылар өз өмүрлөрүнө кол салууга аракет кылышкан.

Жаза аткаруу федералдык кызматы тескерисинче түрмөдө отургандардын бири күзөтчүгө кол салганын 11-апрелде кабарлап, учурда баары көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо имараттын күйүп жатканын көрүүгө болот. Укук коргоочулар түрмөгө киргизилген жок.

Иркутск облустук тергөө комитети бул иш боюнча кылмыш ишин козгоду. Сөз болуп жаткан түрмөдө жазасын өтөп жаткан 1300дөй киши бар.

XS
SM
MD
LG