Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Путиндин администрация мүчөсү COVID-19 менен ооруп калды

Москванын Кызыл аянтында беткап кийген киши. 14-март, 2020-жыл.
Москванын Кызыл аянтында беткап кийген киши. 14-март, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация мүчөсү коронавирус жугузуп алганын Кремль билдирди. Бирок ал орус лидери менен түз байланышта болбогонун Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 27-мартта айтты. Ал илдетке кабылган адамдын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

«Коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн бардык тийиштүү санитардык жана эпидемиологиялык чаралар көрүлдү. Ооруп калган адам президент менен байланышта болгон эмес», - деди ал.

Орус бийлиги өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган адамдардын саны миңден ашканын билдирди. Үч адам бул оорудан каза тапты.

XS
SM
MD
LG