Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Путиндин оппоненттеринин соту башталды


Орусияда былтыр жазында президент Владимир Путинге каршы демонстрацияда кармалган 12 кишинин үстүнөн сот иши башталды. Айыпталуучулар "массалык тополоңго катышып, полицияга кол салган" деген кинелер менен соттолууда.

Президент Путинге каршы демонстрация былтыр май айында Москванын Болотная аянтында өткөн эле. Путин үчүнчү президенттик кызматына киришээрден бир күн мурдагы демонстрацияда тополоң чыгып кеткен. Анда кармалгандар азыркы сотто сегиз жылга чейинки мөөнөттөргө кесилип кетиши мүмкүн.

Оппозициячыл активисттер тополоң бийликтердин пландалган шыкактоосунан чыкты деп ырасташууда. "Мемориал" укуктук уюму айыпталуучуларга каршы берилген көрсөтмөлөр «өтө талаштуу» деп мүнөздөгөн.

Орусиялык оппозиция өкүлү Илья Яшин сот башталган 6-июнда Москвадагы шаардык соттун алдында мындай деди:

Бул советтик доордон берки оппозицияга каршы эң ири сот иши. Бардыгы болуп 30дай киши соттолуп жатат. Иш муну менен бүтпөйт, дагы уланат. Биз муну жок жерден ойлонуп чыгарылган саясий иш деп эсептейбиз. Ал аркылуу бийликтер эки коёнду бир ок менен атып жатат. Бир жагынан өзгөрүштү эңсеген элдин жүрөк үшүн алып, экинчи жагынан оппозицияга көө жабууну көздөп жатышат.

Бейшембидеги угууда 10 айыпталуучу эркек айнек менен тосмолонгон капаста отурушту. Камакка алынбаган эки аялга залда отургучта отурууга уруксат берилди. Айыпталуучулар соттун алдына келгенде, колдоочулары "биз жеңебиз" деп кыйкырып жатышты.

12 айыпталуучунун басымдуу бөлүгү дээрлик бир жыл камакта болушту. Алардын адвокаты прокурорлор камак мөөнөтүн дагы жарым жылга узартууну сурап жатышканын бышыктаган.

Путиндин бийлигине каршы Болотная акциясы 2011-жылдын декабрындагы талаштуу парламенттик шайлоодон кийин чыккан демонстрациялардын эң ириси болуп калды.

Яшин орустарды көңүл коштукка алдырбоого чакырды:

Биз үйдөгү ашканада отуруп албашыбыз керек. Интернетке жашынбайлы. Элге чыгалы, көп түкүрсө көл болот. Кеп критикалык көпчүлүктө Орусия дүйнөдөгү биринчи же акыркы автократия эмес. Автократиялар акыры барып кулайт. Биз авторитардык түзүлүштөн демократияга тынчтык жана цивилизация жолу менен өтүшүбүз керек.

Тополоң чыгып кетүү коркунучуна байланыштуу Москва сотунун айланасында полиция жайгаштырылды.

XS
SM
MD
LG