Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Элдин үнү


В.Высоцкий Таганка театрындагы спектакль учурунда. Москва, 2-апрель, 1965
В.Высоцкий Таганка театрындагы спектакль учурунда. Москва, 2-апрель, 1965

Көзү тирүү болгондо советтик доордун диссидент акыны, атактуу ырчы жана актер Владимир Высоцкий 75 жашка чыкмак.

25-январда Владимир Высоцкийдин туулган күнүнө карата түрдүү концерттер, чыгармачыл кечелер дүйнөнүн ар кайсыл мамлекеттеринде өткөрүлөт.

Высоцкий таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болчу. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн.

Каргылданган жоон үндүү ырчынын дүйнө салганынан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтсө да Высоцкий бүгүнкүгө чейин улуттун сыймыгы, элдин үнү катары аталып келет.



Орусияда жакында өткөрүлгөн сурамжылоолорго караганда, бүгүнкү жаштар арасында анын ырларын угуп жүргөндөр, ырдап жүргөндөр көп.

Эки жыл мурда Высоцкий жөнүндө тартылган жаңы көркөм тасма кеңири көрүүчүлөргө тартууланганда алгачкы 10 күндө эле кинотеатрларда 21 млн. доллар топтогону айтылган. Фильмдин сценарийин Высоцкийдин уулу Никита жазган жана аны Орусиянын "Биринчи каналы" тарткан болчу. Никита бул фильмде атасынын ордуна сүйлөйт.

Высоцкийдин популярдуулугу ага кайсыл бир деңгээлде өз оюн коркпой ачык айтканга жол берген дешет. Леонид Брежневдин тушунда ал “диссидент” макамына ээ болот. Балким бул өңдүү сөздөргө анын бир да эмгеги көзү тирүү кезинде китеп болуп басылбаганы себеп болсо керек.

Ошентсе да, анын ырларын элдер бири-биринен көчүрүп угуп, окушкан.

Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеди. Уильям Шекспирдин “Гамлетин” ойногону ага сынчылардын сүймөчүлүгүн алып келет. Высоцкий ондогон кинотасмаларда да ойногон.

1980-жылы 22-январда анын советтик телевидениедеги жалгыз интервьюсу жаздырылат. Бирок бул интервью актердун өлгөндөн кийин 1987-жылы гана толук көрсөтүлдү. Ошол маегинде Высоцкий: “Мен өзүмдүн дээрлик бардык ырларымды өзүмдүн гана атыман “Мен” деп жазам. Бул мен өзүмдү гана жакшы көргөндүгүмөн эмес, ал ырларда менин дүйнөгө, ошол проблемаларга, адамдарга карата өзүмдүн жеке көз карашым айтылганынан”, - дейт.

Ал өзүнүн ырларын кантип жазары туралуу: “Бул автордук ырлар өтө көп эмгекти талап кылат. Алар сага тынчтык бербей, күнү да, түнү да түйшөлтөт. Кээде алар шыр эле жазылып кетет. Бирок ошого чейин канчалаган убакытты, оор эмгекти, күчтү алат. Менин ырларым оңой эле жазылып калат деп ойлогон туура эмес”, - деген эле Высоцкий.

Ушул интервьюдан бир нече айдан кийин ырчы көз жумган.

Өмүр жолу ооруу, ичимдик, баңги заттары менен коштолгону көп айтылган 42 жаштагы ырчы-актердун 1980-жылы өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азырга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уйкуда жүрөгү кармап өлгөн деп айтылган.

1985-жылы Михаил Горбачев бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган.

Анын саясий реабилитациясына ырчынын өлүмү үлкөн талкуу жаратканы себеп болсо керек дешет.

Высоцкийдин өлүмү расмий түрдө маалымат каражаттарында кабарланбаганы менен, кайгырган элдин жоон тобу бир нече күн анын Москвадагы үйүнүн жанынан жана ал иштеген Таганка театрынан кетпей турган.

Бүгүн Высоцкийдин туулганынын 75 жылдыгынын урматына Орусиянын атактуу ырчылары катышкан концерт улуттук телеканалдарда көрсөтүлөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG