Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Тажикстан ЕАЭБга кирүүгө кызыкдар эмес


Орус президенти Владимир Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмон.
Орус президенти Владимир Путин менен тажик президенти Эмомали Рахмон.

Казакстанда медициналык кызмат көрсөтүү 18 пайызга кымбаттады, Кыргызстан Кытайга эшигин ачты, Евразиялык биримдикте соода-сатык 26 пайызга кыскарды.

"Независимая газета" Тажикстан Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө кызыкпай турганын баяндайт. Орусия экономикалык кризистин айынан инвестициялык кубаттуулугун жоготкондон кийин Дүйшөмбү Кытай, Индия, Иран жана Перс булуңундагы мамлекеттер менен дипломатиялык алакаларды өрчүтө баштаганы макалада айтылат. Дүйшөмбүнүн эң башкы өнөктөшү катары Бээжин сыпатталып, жыл башында кытай ишкерлери Тажикстанда айнек чыгаруучу жана пахта иштетүүчү эки ишкана курууга 150 миллион доллар берүүгө даяр экенин жарыялашканы айтылат. Мартта ишке кирген цемент чыгарчу «Хуаксин Гаюр-Сугдцемент» ишканасынын курулушуна кытай инвесторлору 100 миллион доллар берген. Орусия болсо Тажикстан үчүн аскердик коопсуздуктун кепили жана тажик мигранттарына эмгек рыногу катары гана калууда деген жыйынтык ой айтылат.

Кыргызстан Кытайга ыктоодо

РИА Новости Кыргызстан Кытай ишканаларына эшикти кенен ачканын жазды. Макалада өлкөнүн Экономика министрлиги Бээжинге кыргыз жергесинде кытай ишканаларын жайгаштырууну сунуштаганы айтылат. Кытай-кыргыз ортосунда мындай сүйлөшүүлөр былтыр Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн жыйынында эле башталган. Бишкектин Бээжинге жөнөткөн акыркы катында быйыл Кыргызстанда 49 өндүрүш ишканасы өз ишин жандандырганы белгиленип, кыргыз өкмөтү алардын санын жыл аягына чейин 75ке жеткирүүнү көздөп турганы баяндалат. Кытай Кыргызстандын ири стратегиялык инвестору катары сыпатталып, 2014-жылы эки өлкө ортосундагы соода-сатык 1,2 миллиард доллардан ашканы белгиленет.

Казакстанда дарылануу өтө кымбат

Регнум маалымат агенттиги Казакстанда дарыгерге көрүнүү акысы бир жыл ичинде 18 пайызга кымбаттап кеткенин маалымдайт. EnergyProm иликтөө агенттигинин апрелдеги мониторинги боюнча, былтыркы жылга салыштырмалуу Казакстанда дарыгерге көрүнүү 18%, медициналык анализдерди тапшыруу 9-14%, санаторийлерде эс алуу 7% жана дары-дармектердин баасы 12% чейин кымбаттап кеткени маалымдалат. Дарыгерге көрүнүү үчүн Алматынын калкы 709 рубль төлөсө, Караганданын тургундары кыйла арзан каражат 234 рубль төлөрү дагы белгиленет.
ЕАЭБ ичинде соода жүгүртүү азайды
Газета.ру Евразиялык биримдик ичинде соода-сатык бир жыл ичинде 26% азайганын жазат. Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономикалык саясат боюнча министри Татьяна Валовая биримдиктеги өлкөлөр ортосунда соода-сатык былтыр жыл сонунда 26% кыскарса, быйылкы жылдын биринчи кварталында эле 16% азайганын маалымдаган. Жалпысынан Беларустун экспорту 10%, Казакстандыкы 20%, Орусияныкы 18% ылдыйлаган. Соода-сатыктын мындай кыскарышын министр улуттук дүң өнүмдүн азайышы, улуттук акчалардын АКШ долларына карата катышынын кескин төмөндөп кетиши менен түшүндүргөн. Макалада биримдиктен Армения пайда тапканы баса белгиленет. Армениянын экспорту Евразия биримдигине кошулгандан кийин 3% өсүп, биримдиктеги өлкөлөргө сүт азыктарын сатуу 2,5 эсеге, жашылча жана тамеки сатуу 2 эсеге, дары-дармек жана эмерек сатуу 50% өскөнү кошумчаланат.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG