Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Сариев: Кыргызстандын кызыкчылыгындагы келишимге жетиштик


Москвада Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлду. Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнөн алчу үлүшү 1,9% деп аныкталды. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

"Азаттык": Темир мырза, көптөн бери күтүлгөн, кыргыз коомчулугунда талаш жараткан келишимге кол коюлду. 1-январдан тарта иштейт деп мерчемделген Евразия экономикалык союзуна Кыргызстан кошулуу менен бул уюмдун шарттарын толук кабыл алуудабы же Бажы союзуна тиешелүү эле бөлүгүнбү?

Темир Сариев: Биз чоң келишимге кол койдук. Бүгүн да Евразия экономикалык комиссиясында атайын жумушчу топ иштеп, бир топ түзөтүү-өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин биз берген сунуштарыбыз да эске алынган соң келишим түзүлдү. Ошол келишимге биз кол койдук. Негизги келишимде Кыргызстандын үлүшү такталып 1,9% ээ болдук. Келишимдин күчкө кирүү мөөнөтү 2015-жылдын 1-майы деп жазылды.

Ошондой эле Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы бажы текшерүүлөрү качан алынары белгиленди. Бул маселе кийинки жылдын 8-майына чейин чечилип, чек аралар 9-майга карата ачылуусу керек. Жаңы бажы тарифи Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара ачылган күндөн баштап кабыл алынары көргөзүлдү.

Мындан башка фитосанитардык ветеринардык текшерүүлөр боюнча макулдашууга 8-майга чейин кол коюлушу керек. 2015-жылдын 1-январынан баштап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин башкаруу бийлигинде өзүнүн үч ордун ээлейт. Бирок биз келишим күчүнө киргенге чейин добушка ээ эмеспиз, биздин өкүлдөр болсо ал жерде иштей беришет.

Мына ушул маселелердин бардыгы негизги келишимде такталды. Мындан башка бажы эрежелери, өткөөл мезгилдин кээ бир эрежелери боюнча дагы протоколдор даярдалат. Алар 1-мартка чейин бүтүп, анан негизги келишим менен бирге ратификациялансын деген атайын чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсем, буга чейин Кыргызстандын президенти да, өкмөтү да Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча келишимге сөзсүз түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгы толук корголуп камтылганда гана кол коюлаарын айтып келишкен.

Бүгүн биз талап кылган жолдомолордун бардыгы кабыл алынгандан кийин гана президент тарабынан келишимге кол коюлду.

please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00
Түз линк

"Азаттык": Кыргызстан башынан эле 1,9% үлүштү кармап келгенби же мындан да көп беле?

Темир Сариев: Биз бул боюнча абдан катуу талаштык. Атайын методика иштеп чыктык. Биз ошол методиканын кабыл алынышына жетиштик. Анткени билесиңер, мисалы 100% алсак, Казакстандын үлүшү 7%дан көбүрөөк. Бирок алардын экономикасы 200 миллиард доллар, а биздики 10 миллиард долларга жетпейт. Беларус 4,7%, Армения болсо 1,3% үлүшкө ээ . Бирок Армениянын ички дүң өндүрүшүнүн көлөмү бизден кичине өйдөрөөк. Ушуга салыштырып биз кандай мүмкүнчүлүктү алганыбызды байкасак болот. Биз өзүбүз мерчемдеген көрсөткүчкө жакын алдык.

"Азаттык": Кыргыз-казак чек араларындагы бекеттердин алынышы Кыргызстан Бажы союзунунун тышкы чек араларындагы бажы бекеттерин жабдышына жараша болобу?

Темир Сариев: Ооба, биз муну белгилеп койдук. Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бажы чек арасын алуудан мурун биз өзүбүздүн тышкы бажы пункттарыбызды бекемдешибиз керек. Бул Ош, "Манас" аэропорттору, Эркечтам, Торугарт бажы пункттары.

"Азаттык": Алардын бекемделиши Орусиядан келген акчага көз каранды да? Каражат учурунда келеби? Убакыттан жетишесиздерби?

Темир Сариев: Ооба, орустар бүгүн да такташты. Ал акча Орусиянын быйылкы жана кийинки жылкы бюджетине дагы киргизилиптир. 200 миллион долларды бизге толугу менен бөлөөрү айтылды. Азыр биз өзүбүздүн ички мыйзам менен тендер өткөрүүбүз керек. Ошол тендердин негизинде жабдууларды сатып алып, кыска мөөнөттүн ичинде Бажы биримдигинин талабына ылайык, чек ара, бажы пункттарын тактап, ылайыгына келтирип, чечишибиз керек. Мындан башка казактар да 100 миллон долларды берерин бүгүн ырасташты, жакын аранын ичинде келишимге кол коюп, акчаны бөлүп берүүгө макул.

"Азаттык": Казакстан бере турган акча насыябы?

Темир Сариев: Жок, Казакстандан дагы грант түрүндө келет, кайтарымсыз акча.

"Азаттык": Мигранттар маселеси кандай чечилди? Мурдагы режим менен эле иштей беришеби же 1-январдан тарта жеңилдик алышабы?

Темир Сариев: Мигранттар боюнча ошол келишим 1-майдан баштап күчүнө кирет. Евразия экономикалык биримдиги төрт нерсеге эркиндик берет: адамдардын кеңири жүрүүсү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн, ошондой эле капиталдын эркин айлануусу.

"Азаттык": Мигранттар үчүн өзүнчө келишим талап кылынбайбы?

Темир Сариев: Жок, ал үчүн өзүнчө келишим талап кылынбайт. Евразия экономикалык биримдигинин келишиминде мунун баары жазылган, биз ошол келишимдерди толук кабыл алдык.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG