Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Элимдин көрөңгөсү: Сайдали Гайбудаев


Сайдали Гайбудаев
Сайдали Гайбудаев

Мургаптын Сары-Кол өрөөнүндө мына ушундай туризм бизнесин 10-15 жылдан бери аркалап келаткан Сайдали Гайбудаев ушул күндөрү Швецариянын Алп тоолорунда жүрөт.

Адамдын жаратылышы ушундай экен, улам жаңы нерсени билгибиз келет экен. Памир тоолоруна тээ илгери Александр Македонский келип кеткен бойдон 19-кылымдын эң этегинде гана орус саякатчылары келип, ушундай бир укмуш жер бар экен, ал жакта кыргыздар жашайт экен деп тырмакчадагы «ачылыш» жасашкан эле.

20-кылымда деле саясий себептерден жана жолдун алыстыгынан улам көп саякатчы, алпинист, изилдөөчүлөр Дүйнөнүн Чокусуна кыялында гана жете алышчу эле. Азыр эми улам барган сайын көп тоскоолдуктар жоюлуп, бул аймакка каттаган элдин катары өсүүдө.

Сайдалинин кесиптеши Кубан Козубеков (солдон экинчи) жердеши, саякатчылар менен
Сайдалинин кесиптеши Кубан Козубеков (солдон экинчи) жердеши, саякатчылар менен

Алыскы тоолуу аймак үчүн бул өзгөрүштүн мааниси зор, анткени туризм оокат кылуунун жаңы, заманбап жана берекелүү да жолу. Бул жакта мейманкана, сауна, кафелер же башка инфраструктура жокко эсе. Оокат кылуунун башка мүмкүнчүлүктөрү да дээрлик жок болгондуктан, сарыколчулар үчүн узун жол басып, "джип" минип, мотоцикл, алтургай кээ бирлери веосипед менен келген азганактай туристтерге кызмат көрсөтсө, аз да болсо оокатына тыгынчык.

Сайдали (оңдо) Кубан, "Pamir Bridges" биримдигинин президенти Бернард Репонд менен иш үстүндө
Сайдали (оңдо) Кубан, "Pamir Bridges" биримдигинин президенти Бернард Репонд менен иш үстүндө

Мургаптын Сары-Кол өрөөнүндө мына ушундай туризм бизнесин 10-15 жылдан бери аркалап келаткан Сайдали Гайбудаев ушул күндөрү Швецариянын Алп тоолорунда жүрөт. Мен ага телефон чалганымда, алды менен Швецарияда кандай иш менен жүрөнүн сурадым.

Элимдин Көрөңгөсү: Сайдали Гайбудаев
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:57 0:00
Түз линк

Сайдали Гайбудаев Швецарияга Памир көпүрөлөрү биримдигинин (http://www.pamirbridges.ch) колдоосу менен барды. Сайдалинин компаниясынын сайты pamirguides.com

Чет элдик саякатчылар мургапчылардын коштоосунда
Чет элдик саякатчылар мургапчылардын коштоосунда

XS
SM
MD
LG