Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Сербияда коменданттык саатты бузган футболчу кармалды


Сербиянын баш калаасы Белграддын көчөлөрүндөгү полиция кызматкерлери. 30-март, 2020-жыл.
Сербиянын баш калаасы Белграддын көчөлөрүндөгү полиция кызматкерлери. 30-март, 2020-жыл.

Сербия полициясы коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында киргизилген коменданттык саатты бузганы үчүн белгилүү футболчу Александр Прийович кармалганын билдирди. Улуттук полициянын башчысы Владимир Ребичтин айтымында, футболчу беш адам менен мейманканада кечки саат бештен кийин чогулуп отурушкан. Полиция алар отурган мейманкана да жоопко тартыларын, анткени бул маалда ичимдик же тамак сатууга тыюу салынганын кошумчалады.

Сербияда кечки бештен таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилген. Ал эми дем алыш күндөрү түшкү бирден тартып эле көчөгө чыгууга тыюу салынган.

5-апрелге карата маалымат боюнча, бул өлкөдө коронавирусту 1624 киши жуктуруп алган. Оорудан 44 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG