Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

Сот үч медианын эсебин камактан чыгарды


Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова үч медианын жана кабарчынын эсебин камактан чыгаруу боюнча Матраимовдордун адвокаттарынын арызы боюнча чечимди карап, канааттандырды.

- Доо арыз боюнча арыз бергендердин негиздерин эске алып, жоопкер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жана бардык тараптардын өтүнүчүн эске алып, сот берилген арызды канааттандырат, - деди Ибраимова.

Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен анын аялы Уулкан Тургунованын жактоочусу Оксана Жданова үч медиага жана кабарчыга каршы берилген арыз боюнча соттун буга чейин чыгарган чечими мыйзамдуу болгонун айтты. Бирок Матраимовдор банк эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчүн чакыртып алууну чечишкенин билдирди.

Өтүнүчтү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун, анын аялы Минавар Жумаеванын жана «Исмаил Матраимов атындагы фонд» коомдук кайрымдуулук фондунун кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Мадина Ниязова да колдоду.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген. «Азаттык» радиосун тейлеген банк 12-декабрда мекеменин эсебиндеги 22,5 миллион сом өлчөмүндөгү каражат камакка коюлганын тастыктады.

Парламенттын айрым депутаттары, укук коргоочулар жана активисттер соттун чукул чечимин кескин сынга алышты.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Анда көпчүлүккө белгисиз Абдукадыр аттуу чет өлкөлүк үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар тапканы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин, Абдукадырдын үй-бүлөсү менен Матраимовдор өнөктөш экенин аныктаган. Матраимовдун жубайы Дубайда жалпы баасы 12 млн. доллардан кем эмес үч мүлккө ээлик кылары, бирок ал декларациясында көрсөтүлбөгөнү айтылган. Райымбек Матраимов иликтөөдө айтылгандар менен макул эмес экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG