Түштүк Судандын вице-президенти Риек Макар 5-апрелде өлкөдө коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталганын билдирди. Анын айтымында, эки ай мурда Эфиопиядан келген 29 жаштагы аялда COVID-19 илдети аныкталган.
Түштүк Судан - дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин бири.
Африкадагы 54 мамлекеттин көбүндө коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында ар кандай деңгээлдеги чектөөлөр киргизилген.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Африка боюнча өкүлү Ахунна Эзиаконва илдеттин жайылышы көзөмөлдөн чыгып кетсе, континенттеги жумуш орундарынын жарымы жок болуп кетүү коркунучу бар экенин эскертти.