Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Сулайманов: «Бир Бол» тогуз пайыздык чектен коркпойт


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн партиясы алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий күчтөр, партиялар менен бирикпей турганын, бирок саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Сулаймановдун пикиринде, Жогорку Кеңешке өтүүдөгү тогуз пайыздык чектен өзүнө ишенген партиялар коркпойт. Бул тууралуу ал 5-февралда «Азаттыктын» эфиринде сүйлөп жатып билдирди:

- Тогуз пайыздан өтөм деп ишенген партиялар саналуу эле. Көп күчтөр биригүүгө барат. Биздин партиянын башкалар менен биригейин деген ою жок. Бирок жаштар, жаңы жүздөр менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз тогуз пайыздан коркпойбуз.

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин тогуз пайыздан жети, беш, үч пайызга чейин түшүрүү сунуштар айтылган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жети пайызга көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG