Сузак: кыздарды билимге үндөгөн Хапизахон
Сузак айыл айылдык кеңешиндеги аялдардын бири, жашы 70ке таяп калган Хапизахон Сатыбалдиева өзбек коомчулугундагы кыздарды эрте турмушка берүү адатына жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшөм деп депутаттыкка аттанган. Айылдаштары ал депутат болгондон бери айрым социалдык маселелер чечиле баштаганын айтышууда.