Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

"Жаңы апа менен жашабайм!"


Умеда
Умеда

Тогуз жаштагы Умеда азыр чынында кыйналып турган чагы. Тажик кызы ушул курагына чейин баккан апасынан ажыратылышы толук мүмкүн. Соттор кызды төрөгөн энесине берүүнү чечкен.

- "Жаңы апа менен жашабайм" дедим. Мени такыр угушпады. Болбой эле анын үйүнө жиберебиз деп жатышат. Барбайм. Баары бир өзүмдүн апама качып кетем, – дейт ыйдан өпкөсү көөп, шолоктоп ыйлаган Умеда.

Умеда Максудова
Умеда Максудова

Ал багып торолткон апасы менен калгысы келет. Бирок кыздын каалоосу эске алынбады. Мыйзамга ылайык, сот кайда жана ким менен жашоо тууралуу баланын ой-пикирин ал 10 жашка чыккандан кийин гана сурайт экен.

Бул мыйзам "10 жашка чейинки балдар өз апасынан ажыратылбашы керек" деген Балдар укугу боюнча декларацияга негизделген. Ал эми Шабистон Кабудованын кызды багып алганы тууралуу бир да документи жок. Ал кайнисинин кызы Умеданы бир айлык кезинде колуна алган.

- Кайнимдин кызы бар эле. Аялы дагы бир кыз төрөгөндө абдан капа болгон. Анан аны багып алууну бизге сунушташты. "Кийин талашып жүрүшпөсүн, тил кат алып коёлу" деп күйөөмө айткам.

Шабистон Кабудова
Шабистон Кабудова

Бирок күйөөсү кийин Орусияга кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес. Ошентип Шабистон агасыныкына кетет. Кайын журту кызды таштап кетүүнү талап кыла башташат.

- Алар бала менен сүйлөшүп турушчу, тез-тез алпарып жүрчүмүн. Анан былтыр февралдан бери өзүбүзгө алабыз деп чыгышты. Мен Умедасыз, ал менсиз кантип жашайбыз? Ушунчалык кыйынчылык менен торолтком. Эч нерседен кем болбосун деп баштык тигип, аны сатып баккан элем.

Умеда сегизге чыкканда төрөгөн энеси талашып, сотко берет. Бардык сот инстанциялары "кыз биологиялык ата-энеси менен жашаш керек" деген чечим чыгарышат. Анын үстүнө өз энеси Шамсия Максудова "кыз начар шартта өсүп жатат" деп жүйө келтирүүдө.

- Бир жыл мурда барсам ооруп жаткан. Ошондо эле алып кетип, дарылагым келди. Шабистон базарда экен. Кызым үйдө жалгыз жатыптыр. Жайкы каникулда да бир-эки күнгө алып кетейин десем болбой коюшту. Кол көтөргөнгө чейин барышты. Ошондон кийин биротоло алып, кадимкидей шартта өстүрөлү деп чечтик. Шабистон бизди түшүнгүсү келген жок. Кызды алып кетүүгө макул болгондо эле сот болмок эмес. Мен кызымдын келечегине кыжаалат болуп турам.

Шамсия Максудова
Шамсия Максудова

Деген менен Шамсия баккан энеси Умеданы өз кызындай бөпөлөөрүн, жакшы көрөрүн танбайт. Бирок кыз аркы-беркини аңдай элек, жаңы үйгө, жаңы ата-эне, бир туугандарга бат эле көнүп кетет деп ишенип жатат. Шамсия тогуз жыл мурдагы жоругуна катуу өкүнүп жүргөнүн айтты.

Шабистон "сот отурумдары Умеданын психологиясына терс таасирин тийгизип, окуусуна тоскоол болду" дейт. Эң мыкты бааларды алып жүргөн, үлгүлүү окуучу азыр мектепке баргысы жок.

- Мектептен ары алып кетип калышабы деп корком. Бир жолу ооруканадан чыгарып атама алып барышкан. Аябай ыйлагандан кийин гана кайтарышкан, – дейт Умеда.

Матлуба Бобожонова
Матлуба Бобожонова

Сот процесстерине атайын балдар психологу катышкан эмес. Адис Матлуба Бобожонова мындай процесстерге психолог кошо чакырылышы керек болчу дейт. Андан тышкары онго чыга электигине карабай баланын оюн билүү зарылдыгын чечмеледи:

- Баланын укуктары жөнүндө конвенция бар. Анын 3-беренесинде, балдарга байланыштуу бардык аракеттерде ириде баланын кызыкчылыгын камсыздоого көңүл бурулушу керек деп айтылат. Биринчи инстанциядагы сот кыз баккан энесине тартылып турганын эске алышы керек болчу. Ушул эле Конвенциянын 12-беренесинде ар бир бала өз пикирин билдирүүгө укуктуу деп айтылат. Анткени ал өзүнүн жашоосу жана кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерди чечүүгө ата-энеси сыяктуу эле активдүү катыша алат.

Психолог Бобожонова буга чейин ушул сыяктуу сот иштерине катышып жүргөн. "Убагында тийиштүү документтерди ырастап алганда Умеда жана анын баккан энеси мынчалык көйгөйгө туш болбос эле" дейт ал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG