Ирандын ISNA маалымат агенттиги билдиргендей, туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында АКШдан камактан бошотулган илимпоз Мажид Тахери 8-июнда Тегеранга кайтты. Ал Америкада түрмөдө 16 ай отургандан кийин 4-июнда эркиндикке чыгарылган. Тахерини Иран АКШ армиясынын ардагери Майкл Уайтка айырбаштады. Уайт Иранда аятолла Али Хаменеинин "беделине доо келтирген деген" жүйө менен 13 жылга кесилген.
Тахерини аэропорттон тышкы иштер министринин орун басары Хоссейн Жабери Ансари тосуп алды. Илимпоз камалганга чейин Флорида штатындагы клиникада иштечү.
Соттун документтерине караганда Тахери каржы кылмыштарына барганын мойнуна алган. Ал эми Ирандагы “Фарс" агенттиги Тахери ага тагылган бардык айыптарды четке какканын жазды.