Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Тажикстанда "Одноклассники" жабык турат


Тажикстандын байланыш кызматы "Одноклассники" сайтынын эмнеге жабык турганын түшүндүрө алган жок. Бирок интернет провайдерлер бул сайттын атайын тапшырма менен жабылганын айтышууда.

Тажик өкмөтүнүн алдындагы Байланыш кызматы дүйшөмбүдө "Одноклассники" сайты эмне себептен ачылбай жаткандыгынан кабарсыз экендигин айтып, ошол эле күнү тактап берүүгө сөз беришти.

Өлкөдө бул жаңылык эки күндөн бери уу-дуу талкууланып жаткандыгына карабастан, Байланыш кызматы алдыңкы күндөр дем алыш болгондуктан, чектөөнүн себеби аныктала электигин тастыкташты.

Тажикстандагы интернет-провайдерлердин биримдиги болсо "Одноклассники" сайты «атайын тапшырма» менен жабылган деген бүтүмгө келишти. Биримдиктин төрагасы Асомиддин Атоев буга чейинки тажрыйба ушундай жыйынтыкка түрткү болуп жатканын айтат. Алардын маалыматында, азыр Бабилон Мобайл, Бабилон Ти жана Билайт провайдерлери аркылуу "Одноклассникиге" кирүү мүмкүн болбой жатат.

Маалыматтарга караганда, эгер Фейсбукта Тажикстанда 60 миң пайдалануучу болсо, "Одноклассники" сайтында катталгандардын саны 300 миңден ашат. Башкача айтканда, бул тармак өлкөдө зор популярдуулукка ээ.

Атоевдин сөзү боюнча, бул жана башка сайттардын блокировкасын Байланыш кызматынын билмексенге салышы тескерисинче, буга анын тийешеси бар деген шектенүүгө жем таштайт. "Азаттыктын" тажик кызматынын кабарчысы Абдымомун Ахамади дүйшөмбү күнү кечинде бул сайт дагы деле жабык экендигин бышыктады. Бул кызматтын маалыматы боюнча, "Одноклассники" сайты Тажикстанда 18-июлдан бери жабык турат. Анын алдында дагы бир популярдуу ЮТЮБ сайты жабылган эле. Бул быйыл эле ЮТЮБдун бешинчи жолу жабылышы.

Байланыш кызматы мурда да бул сайттардын блокировкасына тийешеси жок экендигин айтчу, же «профилактикалык» иштер жүрүп жаткандыгын бетке кармачу. Интернет-провайдерлер биримдигинин жетекчиси белгилегендей, эгер мурда Байланыш бөлүмү тигил же бул чектөөнү провайдерлерден смс аркылуу талап кылса, азыр көбүнчө ооз эки көрсөтмө берет.

"Одноклассники" сайтынын жабылып калышы анын ишкер Умарали Кувватов жетектеген «24түн тобу» өңдөнгөн оппозициячыл уюмдардын материал, видеолору жарыяланган таасирлүү платформага айланган мезгилге туура келүүдө. Бул тармакты Ирак менен Сирияга жихадга чакырган тажик согушкерлери да кеңири колдонушат.

Орусиялык "Одноклассникинин" блокировкасы Тажикстанда кайчы пикирлерге түрткү болду. Айрымдары көп достору менен алака кыла албай калганына өкүнүп, 21-кылымда интернетти бир да өлкө жеңе албай тургандыгын белгилешүүдө.

Бирок сүйүнгөндөр да бар. Алардын пикиринде, бул сайт адепсиз бузукулуктун очогуна айланды. Екатеринбургдагы Жаббор деген пайдалануучу ыйык орозо айында бул Кудайга жага турган иш болду деп жазды.

"Азаттыктын" тажик кызматына жазгандардын айрымдары «сайттын блокировкасы Тажикстандын улуттук коопсуздугуна байланышкандыгын» белгилешүүдө. «Бул сайт абийирсиз бузукулук эле эмес, жихадчы, салафиттердин реакциячыл диний көз караштарын таркатуучу булакка да айланды, ошондуктан ал жабылса, өлкөгө пайда болот» деп жазды алардын бири.

XS
SM
MD
LG