Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Тажикстан региондогу эң чоң мечитти курат


Аймактагы эң ири мечиттин курулушу 100 млн.долларга тураары айтылды
Аймактагы эң ири мечиттин курулушу 100 млн.долларга тураары айтылды

5-октябрда Тажикстанда региондогу эң чоң мечиттин курулушу башталды. Президент Имомали Рахмон өзү топуракты экскаватор менен артып, иштин тушоосун кесип берди.

15 миң адамды сыйдыра алаары айтылып жаткан бул мечитти курууга акчанын жарымынан көбүн Катардагы инвесторлор бөлөт.

Тажик президентинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Катар мечиттин курулушуна 70 млн.доллар бөлөт. Калган 30 миллионун тажик өкмөтү кошушу керек. Курулуш иштерине жалпысынан 1000 адам тартылаары, ишти жергиликтүү ишкана жүргүзөөрү жана мечит төрт жылда толук курулуп бүтөөрү да айтылды.

Долбоорго ылайык, мечиттин чар тарабын бийиктиги 65 метрге жеткен төрт мунара курчап турмакчы. Ал эми ортосундагы борбордук мунаранын кулачы 47 метрге жетет дешет. Анан имараттын ичинде чоң жана кичи ибадатканалар, башка толтура бөлмөлөр болмокчу.

Тажикстанда бул мечиттин курулушу тууралуу акыркы төрт жылдан бери эле айтылып келген. Башында бөлүнгөн акчанын биринчи бөлүгү "жоголуп" кетип, ал боюнча да далай талаш-тартыштар болгон эле.

Бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын лидерлеринин бири Мусо Асозода “Азаттык” радиосуна сүйлөп жатып: "Бул маселенин үстүнөн далай талкуулар болду. Акыр аягында жоопкерчиликти президент өзүнө алып жатпайбы, - деди. - Бул жакшы саамалык сөзсүз ишке ашырылат. Региондогу эң чоң мечит Тажикстандагы мусулмандарга белек катары тургузулушу керек. Президенттин максаты да ушул".

Жаңы курула баштаган мечиттин алдында Ислам университети да иштей турганы айтылды. Тажикстандагы ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү мыкты теологдорду даярдоо озуйпасы азыр өлкөдө диний эле эмес, саясий проблемага айланганын белгилешүүдө. Анткени мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептешет.

Аталган партиянын төрасынын орун басары Вохидхон Косиддинов идеяны жалпысынан колдогону менен, ал бүт көйгөйдү чечпейт дейт.

"Чын-чынына келгенде, бул долбоор менен президент өзүн мусулмандар алдында актаганга эле аракет кылып жатат деңизчи. Бирок, кантсе да, демилгени колдош керек деп ойлом, - деди ал "Азаттыкка". - Кудай “кечиримдин эшиги дайыма ачык” деген".

Диний "диалог"

Акыркы жылдары бул мамлекетте бийликтер айрым мечиттердин ишин “натуура” деп таап, аларды жабышты, мамлекеттик окуу жайларында аялдарга хижаб кийип жүргөнгө тыйуу салышты, аялдар менен балдарга намаз окуганы мечитке келгенге да жол берилбей турган болду. Мына ушунун баары исламдашуу күч алып кеткен өлкөдө нааразылыкты жаратып келген.

Исламдашуу канчалык күчөгөнү тууралуу жакында “Азаттыктын” тажик редакциясынын директору Сожида Жакфарова да айткан эле.

"Тажикстанда бир жылдан бери боло элек тажиктердин өзү үчүн мекенинде заматта эле көзүнө уруна турган нерсе – адамдардын кийиминдеги өзгөрүү, керек болсо, мамиленин өзгөргөнү да байкалат экен, - деди С.Жакфарова. - Менин кичи мекеним Түштүк Тажикстанда элдер мурдатан эле исламга карата жеңилирээк, эркинирээк мамилеси менен айырмаланышчу. Бул ирет мага ал жердеги адамдар динден башканы сүйлөбөй калгандай сезилди. Чындап эле динге мамиле өзгөргөнүн байкадым. Аялдардын көпчүлүгү “сатр” кийип алышыптыр. Анан мен өзүмдүн бир тууган эжем менен сүйлөшүп отуруп: “Мен Аллаага ишенем, бирок ага кантип ишениш керектигин мага кимдир-бирөө үйрөтүшүнүн кереги жок. Мен аны жүрөгүм менен гана сезем, ишенем”, - деп айтып алып урушуп кете жаздадым. Ошентип, бир үй-бүлөдөн чыккан жакын туугандардын ортосунда ушундай окуялар болуп жатат...".

Ошондуктан кеминде Борбор Азияны дүңгүрөтө турган мечиттин курулушу президентке нааразы болгон тажиктердин көңүлүн бир аз болсо да жибитет деп үмүт кылып жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG