Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

Тажиктер орусчадан баш тартышты


Жаңы мыйзамга ылайык, ар бир тажик жараны мамлекеттик тилди билиши зарыл.
Жаңы мыйзамга ылайык, ар бир тажик жараны мамлекеттик тилди билиши зарыл.

Президент Эмомали Рахмон “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамга кечээ кол койду. Орус тилинен расмий макамды алып салган мыйзамды парламент өткөн аптада жактырган.

Мындан ары бүт иш-кагаздары, расмий кат алмашуу жана билим берүү жайларында дарстар тажик тилинде гана жүргүзүлөт. Эми мамлекеттик мекемелер ортосунда иш толугу менен тажик тилинде гана жүргүзүлөт. Документтер тажикче толтурулат, мөөр да тажикче басылышы керек.

Тажикстанда тил жөнүндөгү президент сунуштаган жаңы мыйзамды парламентте талкуулап жатып, спикер Махмадсаид Убайдуллоев: “Республиканын жараны болуп туруп, анын мамлекеттик тилин билбегендик патриоттуулукка жатпайт”, - деп айтты.

Бирок парламенттеги оппозициялык Компартиянын лидери Шоди Шабдолов анда орус тилинин статусу так аныкталбаганына нааразылык билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Конституциясында орус тили “улуттар арасында байланышуунун тили” катары көрсөтүлгөн. Бирок жаңы мыйзамдан ал түшүнүк алынып салынды. Демек, жаңы мыйзам өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет. Жаңы мыйзамдын жаралыш себебин ал алдыдагы шайлоодо оппозициялык партияларды оюндан четтетүү каалоосу менен байланыштырды.

“Эмне үчүн шайлоонун алдынан саясий партияларды атын, расмий документтерин, мөөрлөрүн, гезиттерин, - баарын орусчадан тажикчеге которууну талап кылышыбыз керек? Мунун баары “Шайлоого катышпагыла!” деген эле белги, - деп айтты ал. - Биз үчүн азыр котормо бир топ чыгашага турат. Балким, банкта олчойгон акчасы бар өкмөтчүл партиялар үчүн ал маселе деле болбосо керек да”.

Тажикстанда кезектеги парламенттик шайлоо келерки жылы февралда өтөт.

Жаңы мыйзамда орус тилинин расмий макамы алынып салынышы көпчүлүктү ойлондурду көрүнөт. Анткени Тажикстандагы 7,5 млн.калктын 100 миңин орус тилдүүлөр түзөт. Кошумча 1 млн.дун тегерегинде өзбек улутундагылар бар.

Канткен менен тажик президенти тил боюнча алгачкы ирет демилге көтөрүп жаткан жок. 2007-жылы ал өзүнүн фамилиясын орусча формадан өзгөртүп, “Рахмонов” эмес, “Рахмон” деп аталып калды. Андан кийин орус тилиндеги географиялык аттарды тажикчеге которуп чыгышты.

Борбор Азия регионундагы мамлекеттердин ичинде Өзбекстан да 1995-жылы орус тилинен “улуттар ортосундагы байланышуунун тили” деген макамды алып салган. Казакстанда болсо орус тили азырга чейин мыйзамда расмий тил макамын сактап келатканы менен, 2010-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарга казак тили боюнча экзамен тапшыра алгандарды гана ала башташат.

Түркмөнстанда Орусия менен кош-жарандуулук 2003-жылдан тарта алынып салынгандыктан, ушул мезгилге карата өлкөдө калган 100 миңдей орус калкынын басымдуу бөлүгү көчүп кеткен. Орус тили “улуттар ортосунда байланышуунун тили” катары азырга чейин макамы сактаганына карабай, дээрлик колдонулбайт. Жалпы региондо орус тилинин макамы салыштырмалуу Кыргызстанда гана укуктук жактан да, коомдо да жакшы сакталганы айтылып келет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG