Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Тажикстан: 25 адам түрмөдөн качты


Бийликтер түрмөнүн сакчыларын шалаакылык үчүн айыпташты
Бийликтер түрмөнүн сакчыларын шалаакылык үчүн айыпташты

Өткөн түнү Тажикстандагы түрмөдөн кеминде 25 адам качып кетти. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргенине караганда, куралданган кылмышкерлер кеминде 5 кароолчуну өлтүрүшкөн. Азыр өлкөдө бүт коопсуздук күчтөрү өзгөчө режимде иштеп жатышат.

Түрмөдөн качып чыккандардындын арасында оор кылмыштар үчүн айыпталгандар, “куралдуу топтордун катарында болгон, мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылган” деп былтыр өлкөнүн түштүгүндө камалгандар да бар. Эми аларды кармаш үчүн түзүлгөн оперативдүү штабды Тажикстандын ички иштер министри Абдурахим Каххаров жетектемей болду.

Бүгүн Душанбеде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысынын орун басары Косимжон Гаффаров буларды айтты:

“Алдын ала сүйлөшүп алып, куралчан топ, түрмө кароолчуларынын шалаакылыгынан пайдаланып, СИЗОнун бир бөлүгүн ээлеп алышты, - деди Гаффаров. - Алар дагы бир жолу оор кылмыш жасашты - 1979-жылы Айни регионунда төрөлгөн түрмө сакчысы Нурматкул Каримовду өлтүрүп кетишти. Дагы эки сакчыны оор жарадар кылышкан”.

Алар дагы бир жолу оор кылмышка барышты...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиргенине караганда, дүйшөмбүгө караган түнү Улуттук коопсуздук кызматынын Душанбедеги абагындагы кылмышкерлердин тобу кароолчуларга кол салып, алардын куралдарын тартып алышкан. Бир адамды атып салышты. Түрмөдөгү 25 киши аскерлердин кийимин кийип алып, түнкү саат 11:00 өткөндө Юстиция министрлигинин СИЗОсуна кол салышкан. Ал жерде төрт кароолчуну атып өлтүрүшкөндөн кийин, машинеге отуруп, качып кетишкен.

Азыр өлкөдө күч органдары, тартип коргоо күчтөрү өзгөчө даярдыкта турушат. “Кармоо” деп аталган план жарыялашты, бирок азырынча ал үзүрүн бере элек.

Жөнөкөй кылмышкерлер эмес

Айрым кабарларга караганда, качкандардын арасында мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Мирзо Зиеевдин уулу да бар. Зиеев тажик оппозициясынын аскер күчтөрүн жетектеген деп айыпталып, былтыр өкмөттүк аскерлер тарабынан өлтүрүлгөн эле. Андан сырткары, абактан качкандардын катарында президенттик гвардиянын мурдагы башчысы Абдурасул Мирзоевдин бир тууган агасы да болушу мүмкүн дешет. Мирзоев өзү да мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп камалган. Ошондой эле, Өзбекстан ислам кыймылынын бир нече мүчөсү, Ооганстандын, Орусиянын жарандары да качып кетишкени айтылты.

Булар баары былтыр Мирзо Зиеевдин иши боюнча кармалышкан. Алардын дээрлик бир жылга созулган сот иши жабык өткөнү белгилүү. Натыйжада соттун өкүмү менен ал кишилер 10 жылдан 30 жылга чейин түрмөгө кесилишкен эле. Адвокаттар болсо сот процесси мыйзамдарды бузуу менен өткөнүн айтышкан. Бирок кармалгандардын доо арызы эки апта мурун четке кагылган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG