Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Тажикстан: мигранттар шайлоодон четте калабы?


Москвада иштеген тажик мигранттар
Москвада иштеген тажик мигранттар

Тажикстанда президенттикке талапкерлер өздөрүн колдогон эки жүз миңден ашык шайлоочунун кол тамгасын ушул күндөрү тапшырып бүтүшү керек.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын тең жарымына жакыны чек жактарда жүргөнү болжолдонгон өлкөдө кол топтоо айрыкча оппозиция өкүлдөрү үчүн кыйын болуп жатат.

Тажикстанда 6-ноябрдагы шайлоодо азыркы президент эле кайра шайланарынан күмөн санагандар жокко эсе.

Ошол эле убакта оппозиция өкүлдөрү шайланмак тургай, талапкер болуп каттала албай кыйналышууда.

Катталуу үчүн 250 миң шайлоочунун кол тамгасын 7-октябрда тапшырып бүтүү керек.

Оппозициянын бирдиктүү талапкери Айнихол Бабаназарова 3-октябрга карата болгону 110 миң кол топтоду.

Социал-демократиялык партияны жетектеген Рахмотулло Заиров чет жактардагы мигранттардын кол тамгасын пайдалануу мүмкүн болбогондугу оппозициячыл талапкерлер үчүн айрыкча оорчулук келтирип жаткандыгын мындайча билдирди:

– Тажикстандагы азыркы саясий кырдаалдан алганда, зарыл сандагы кол тамга топтоо мүмкүн эмес. Анткени бардык административдик каналдарды өкмөт көзөмөлдөйт.

Оппозициянын кол тапшыруунун мөөнөтүн узартуу талабын шайлоо комиссиясы четке какты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Абдуманнон Додоевдин айтымында, чет өлкөдөгү мигранттар кол топтоого катыша алар-албасы "мыйзамда такталган эмес".

Ошол эле убакта, мисалы, Орусияда иштеген тажиктердин туруктуу катталган дареги жок деген шылтоо менен, шайлоо комиссиясы алар койгон кол тамгасын кабыл алуудан баш тартууда.

Оппозициянын болжолунда, бүгүн Тажикстандагы шайлоого катышууга укуктуу 4 миллиондой калктын дээрлик жарымы Орусия, Казакстан, Беларус, Украина, Иран өндөнгөн өлкөлөрдө жүрөт.

Кызыгы, бул жарандар тиги же бул талапкерге кол тамгасын бере албаганы менен, Борбордук шайлоо комиссиясынын ырастоосунда, ноябрдагы шайлоого катыша алышат.

Президент Эмомали Рахмондун партиясы ушул жума күнү аны талапкердикке көрсөттү. Чет элдик элчилерди кабыл алып, президент өзү Элдик демпартиянын жыйынына келген жок.

XS
SM
MD
LG