Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

HRW тажик адвокаттарын бошотууну талап кылды


Бузургмехр Ёров.
Бузургмехр Ёров.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанда оппозицияны жактаган адвокаттардын сот жообуна тартылышын айыптады. АКШ администрациясы да камтамасын билдирип, соттук жараян мыйзам бузуулар менен коштолгонуна көңүл бурууда. Прокуратура баары мыйзам чегинде болгонун билдирди.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму, Хельсинки комитети жана «Борбор Азиядагы адам укуктары үчүн» ассоциациясы Дүйшөмбү шаардык сотунун бул өкүмүн “Тажикстандагы сөз эркиндигине жана көз каранды эмес адвокаттык ишмердүүлүккө жасалган сокку” деп аташты. Үч эл аралык укук коргоо уюму соттолгон эки адвокатты тез арада бошотуу жана алардын тоскоолдуксуз ишмердүүлүгүн камсыз кылуу талабын коюшту.

Ошондой эле укук коргоочулар тараткан билдирүүдө сот өкүмү Тажикстанда эркин, бөтөнчө ойлонгондорго карата болуп көрбөгөндөй басымдын негизинде кабыл алынганы, соңку эки жылдан бери бул өлкөдө бир нече эркин адвокат саясий өңүтү бар иштерди териштирүүгө катышкандыгы үчүн гана камалып, соттолуп же куугунтукка кабылганы айтылат.

Адвокаттар Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамовду Дүйшөмбү шаардык соту өткөн бейшемби күнү 23 жана 21 жылга түрмөгө кести.

Аларга карата чыгарылган сот өкүмү АКШ администрациясын да камтама кылууда. Жума күнү Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчилиги бул боюнча атайын билдирүү таратып, сот жараяны бир топ мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыкты.

“Биз тажик өкмөтүн соттук териштирүүнү таза, акыйкат жана “Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын” негизинде жүргүзүүгө чакырганбыз. Ёров менен Махкамовго жана башка эркин ойлонгондорго укуктук жардам берилбей калышы Тажикстандагы демократиялык өнүгүүгө тоскоолдук жаратууда”, деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Шаардык соттун өкүмү менен кесилген эки адвокат жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттүү болот. Сот алардын экөөнүн тең күнөөсү толугу бойдон далилденди деп чечти Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрүнүн жана жетекчилеринин, жалпысынан 13 адамдын кызыкчылыгын коргочу. Бул боюнча атайын комитет да түзүп иштеп жаткан.

Күч кызматкерлери аны былтыр сентябрда кармап кеткен. 29-сентябрда Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, «Ёров көз боемочулук кылган жана жалган документ жасаган» деген шек менен колго түшүрүлгөнүн жарыялаган. Эки айдан кийин ага тергөөчүлөр расмий айыбын тагып, баштапкы эки беренеден тышкары дагы үчүнчүсүн кошуп, «экстремисттик ишмердүүлүккө массалык чакырык жасоо» деген айып койгон.

Соттолгон адвокаттар аларга карата козголгон кылмыш иш саясий гана өңүткө ээ экенин, бийликтин каршылаштарынын укугун коргойбуз деп өздөрү ушинтип куугунтукта калганын айтып келет. Андыктан алардын адвокаттары Дүйшөмбү шаардык сотунун өкүмүн эми кийинки соттук инстанцияда кайра каратмай болууда.

Еровдун атасы Равшан Ёрмухаммад уулун жок жерден каралап жатышканын айтат:

- Өтө катаал өкүм болуп калды. Мен мынчалык көп жылга кеспейт деп үмүттөнгөм. Алар уулумду кылбаган нерсе үчүн айыптап жатышат.

Былтыр 4-сентябрда борбор шаар Дүйшөмбүдө бир нече жерде күч кызматкерлерине кол салуу болуп, сегиз милиционер өлтүрүлгөн. Бул бийликти басып алуу, куралдуу төңкөрүш аракети деп бааланып, уюштуруучу катары ошол кездеги коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Ага каржылык жактан көмөктөшкөн деген айып менен Тажикстандын «Ислам кайра жаралуу» партиясынын 13 мүчөсү камалган. Кийин алардын баары көп жылга соттолуп, партиянын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму менен Норвегиядагы Хельсинки комитети Тажикстанда адвокаттардын камалышына буга чейин да камтама билдирип, бийликтен аларды бошотууну талап кылган. Алардын “Тажикстан: адвокаттарды бошоткула” деп аталган биргелешкен билдирүүсүндө 2014-жылдан бери бул өлкөдө кеминде беш адвокат саясий себептен улам камалганы айтылат.

XS
SM
MD
LG