Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Референдум Рахмонду каалашынча бийликте калтырды


22-майдагы референдум
22-майдагы референдум

Тажикстан Баш мыйзамын өзгөрттү. Ага ылайык президент Рахмон бийликте каалашынча кала алат. Көз карандысыз талдоочулар референдумдун күтүлгөн жыйынтыгы өлкөдө авторитардык режимдин дагы бекемделгенин белгилөөдө.

Тажикстандын Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясынын төрагасы Бахтиер Худоерзоданын расмий билдирүүсүнө ылайык, референдумга добуш берүүгө укугу барлардын 92% көбү катышты. Алардын 94,5% Баш мыйзамдын өзгөрүшүн колдоп добуш беришти.

Бирок тажикстандык көз карандысыз байкоочулар, саясатчылар ириде эки миллионго жакын тажикстандык Орусияда иштеп жатканын эске салышып, добуш берүүгө ушунча киши келгенинен күмөн санашат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын жазышынча, өзгөртүү жана толуктоолор негизинен айрым сөздөр менен сөз айкаштарынын алмашуусунан турат. Анын ичинде, “Баш мыйзам” – “Конституция”, “жарандар” – “эл”, “сейил” – “туризм” ж.б. сөздөр алмаштырылган.

Бирок эң негизги өзгөрүү, дегеле референдумдун башкы максаты деп тажик эксперттери азыркы президент Эмомали Рахмондун чексиз убакытка бийликте калууга мүмкүндүк берген жана президенттикке талапкердин курагы 35тен 30га түшүргөн өзгөртүүнү эсептешет.

Көпчүлүгү муну президент келерки шайлоодо өзү өлкө башына келбесе, жок дегенде уулун калтырууга кызыгып жатканын, анткени тун уулу Рустами Эмомали 2020-жылы өтчү президенттик шайлоо учурунда 33кө чыгарын кызуу талкуулашууда.

Ошентсе да референдум өткөрүүгө таптакыр негиз жок болчу деп эсептегендер да аз эмес. Тажикстандагы Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары, профессор Шокиржон Хоким өлкөдө мындан ары авторитардык режим дагы бекемдеп, саясий атаандаштык жоголорун мындайча чечмелейт:

- Саясий маданияттын, цензуранын деңгээлин, коопсуздуктун жоктугун, саясий партиялар ишмердигин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүккө ээ эместигин эске алганда, өзгөрүүдөн жакшылык күтпөйбүз. Азыркы президент өз ордуна кайра талапкер боло алат. Мындай болгондо анын бийликке кайра келишин камсыздоо үчүн репрессивдик чаралар көрүлө берери анык.Ошондой эле, байкоочу катары Европа коопсуздук кызматташтык уюму жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн институттары, анын ичинде Украина катышуудан баш тартканы деле референдумдун легитимдүүлүгүнө шек жаратат.

Дагы бир өзгөрүүгө ылайык, парламент жана Конституциялык сотко 30 жашка чейинкилер талапкер боло алышат.

Бийлик жактоочулары мына ушуну эске алып, өлкө саясий өнүгүүгө багыт алат, бийликке жаштар көбүрөөк келет деген пикирде. Оппозициялык көз караштагылар 25 жылдан бери өзгөрбөгөн системадан үмүт үзүшкөндөй.

Саясат талдоочу Саймуддин Дустов эми жаш кадрларды кармап калуу кыйын болорун белгилейт:

- Эл өзү саясатташып бүтөт. Жашоого эркинирээк караган жаштар жана адистер акырындап өлкөдөн чыгып кетишет. Сергек ой жүгүрткөн саясий борбор Дүйшөмбүдөн Европага, Түркияга, Орусияга, Иранга көчөт.

Тажикстандын Конституциясы алгач 1994-жылы ноябрда, өлкөдө жарандык согуш жүрүп жатканда референдум менен кабыл алынган. Кийин эки жолу өзгөртүлгөн. 2003-жылдагы өзгөртүүгө ылайык, президент Рахмон жети жылдан эки жолу президент болуп, мөөнөтү 2020-жылы аяктамак.

XS
SM
MD
LG