Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:20

Тажикстан: уруксаты жок мечиттер маданият үйүнө айланды


Тажикстандын Хатлон облусундагы мечит
Тажикстандын Хатлон облусундагы мечит

Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусуна караштуу райондордун биринде 50 мечит маданият үйүнө айландырылды. Ал эми Жерге-Талдагы айылдардын биринде мындай мечиттер адаттагысындай эле иштеп жатат.

Хатлон облусунун Абдурахмони Жами деп аталган районунда 50 мечит маданият үйлөрүнө айландырылды. Башкача айтканда, уруксатсыз курулган мечиттерге мурда жалаң эркектер барып, намаз окушса, эми каалагандар келип, концерт же кино көрө алышат.

Жергиликтүү бийликтер маданият үйлөрүндө спорт оюндары, чыгармачылык ийримдер да уюштурулуп турарын билдиришүүдө.

Район төрагасынын орун басары Фахридин Гафуров "Азаттыктын" тажик кызматына жаштар жана жалпы эле район тургундары бул жайларды эми өз зарылчылыктарына жараша колдоно алышат деди.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бул мечиттер акыркы жылдары жер жана дин боюнча комитеттердин уруксаты жок тургузулган.

Фахридин Гафуров жамааттарда жана айылдарда тургундар менен жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди. Анын сөзү боюнча, күбөлүгү жок мечиттердин гана макамы алмашып жатат.

Абдырахмони Жами районунда сегиз айыл кеңеши болсо, алардын бири - Калинин айыл кеңешинде бейрасмий иштеген деп беш мечит жабылды. Же 700 динзар намаз окуй турган жайы жок калды.

Дувана айлындагы мечит, Жерге-Тал
Дувана айлындагы мечит, Жерге-Тал

Калинин айыл кеңешинин төрагасы Рахматулло Махмадуллаевдин сөзүнө караганда, тургундардын көбү мечиттерди жабууга каршы чыгышкан, бирок аларды сүйлөшүү жолу менен ыкка келтиришкен. Айрымдар бул тууралуу кабарчылар менен сүйлөшсө, баштарына мүшкүл түшүшү мүмкүн экендигин айтышты.

Бирок өзүн Назаралы деп тааныштырган 60 жаштагы аксакал акыркы кездери менчик жабык үйдө намаз окуп калганын, анын кесепетинен айылдагы акыркы кабарларды биле албай жаткандыгын айтты.

Ал эми райондук мечиттин улук хатиби Салмони Форс "Азаттыктын" тажик кызматына мечиттердин жабылышы эч кимге кыйынчылык алып келген жок деп ырастады. Анын сөзү боюнча, акыркы жылдары эмгек миграциясына байланыштуу намазга келгендердин саны ансыз деле азайып кеткен.

Азыркы кезде Абдурахмони Жами районунда, жабылгандарын кошпогондо, 700 расмий мечит бар.

Ал эми Кыргызстан менен чектеш Жерге-Тал районундагы Дувана айылында төрт мечит болсо, алардын үчөө уруксаты жок иштейт. Бирок айыл тургуну Акылбек Хасановдун "Азаттыкка" билдиришинче, учурда бардык мечиттер кадимкисиндей эле иштеп жатат.

Тажикстанда мечит куруу СССР кыйрагандан кийин күч алып, алардын саны мектептердин санынан 10догон эсе көбөйгөн.

Элдер ашар жолу менен мечит куруп, ошондой эле бизнесмендер туулган айылдарга мечит салдырышканга аракет кылышат. Бирок бийликтердин көз карашында, элдин мечитке көп барышы, коомдун улам күч алып диндешишине алып келди.

Мындан бир нече жыл мурда Тажикстанда 18 жаштан кичүү балдарга мечитке барууга тыюу салынган эле.

Жерге-Талдын Дувана айлындагы чайхана маданий борбор катары кызмат өтөйт.
Жерге-Талдын Дувана айлындагы чайхана маданий борбор катары кызмат өтөйт.

Байкоочулардын болжолунда, мечиттер алардын мыйзамсыз курулгандыгы үчүн эмес, диний агымдардын таасирин төмөндөтүү үчүн жабылууда. Жергиликтүү серепчи Сандриддин Каландар-зода бирок мечиттерди жабуу менен коомдун диндешүүсүн токтотуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Хатлон Дин иштери боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, акыркы үч жылда облуста мыйзамсыз иштеген 100 мечит жабылган. Учурда облус боюнча 1700гө чукул мечит иштейт.

XS
SM
MD
LG