Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Тажик-ооган чегинде кармаш жүрүүдө


Тажик-ооган чегиндеги аскерлер.
Тажик-ооган чегиндеги аскерлер.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында тажик аскерлери согушкерлер менен салгылашууда. 5-марттан бери жүрүп жаткан атышууда эки тараптан бирден адам өлүп, айрым согушкерлер кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кошуундары башкармалыгынын аскерлери Ооганстан менен чектеш бир канча жерде коңшу өлкөдөн өткөн террорчу топ менен алышууда.

Чек ара кошуундары башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Мухаммед Улугхужаев 7-мартта “Азаттык” радиосуна билдиргендей, аскерлер террорчуларды жок кылуу максатында Панж дарыясын боюндагы аралчаларда операцияны улантууда.

Топтун бир мүчөсү – Фасхиддин валади Курбан өлтүрүлдү. Эки-үч киши колго түштү. Атышуу учурунда өкмөт күчтөрүнөн прапорщик Сухраб Сафолов көз жумду. Азыр ооган-тажик чегинде кырдаал тынч. Абал катуу көзөмөлдө турат. Ишембидеги окуядан кийин эч кандай кагылышуу болгон жок. Андан бери аймакта тазалоо иштери жүрүп жатат. Балким согушкерлер жашырынып жатышы ыктымал, - деген Улугхужаев мурдараак төрт аскер набыт болгону тууралуу чыккан кабарларды төгүндөдү.

Ооганстандык жергиликтүү расмий булактар ишембиде “Панж” чек ара отрядынын аймагында тажик аскерлери менен салгылашууга киришкен куралдуу топ "Талибан" экстремисттик тобунун өкүлдөрү экенин белгилешет.

Ооганстандагы Имам Сахиб районунунун администрация башчысы Амонуддин Курайши “Азаттык” радиосунун тажик кызматына бул топ "Талибанга" мүчө экенин, алар 9 согушкерден турарын, жетекчиси Мирафзал Валади Арбоб экенин билдирди. Анын айтымында, Мирафзал мурда аткезчи болуп, кийинчерээк талиптерге кошулганы тууралуу маалыматтар бар.

Имам Сахиб районунун аймагындагы Тажикстан менен чектеш жерлер талиптердин көзөмөлүндө. Тагыраак айтканда, согушкерлер Кундуз облусуна караштуу Имам Сахиб районунун 30% ээлеп турат.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ишемби күнү эртең менен кабар таратып, “Панж” чек ара аймагын кайтарып жаткан аскерлер ооган жараны – Мирафзал Валади Арбоб баштаган тогуз согушкердин чек араны мыйзамсыз кесип өтүү планын жокко чыгарганын билдирген эле.

Күч органдарынын маалыматына ылайык, бул кылмышка тиешеси бар кишилердин тек-жайы аныкталды жана Тажикстандын мыйзамдарына ылайык кескин чараларды колдонуу боюнча аракеттер жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG