Тажикстандын түштүгүндөгү Куляб шаарынын мэри Бахром Иноятзода коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы Иноятзода 8-июнда, ал эми анын айдоочусу Хурсандали Хуррамов менен катчысы Фируз Курбанов анын алдында кармалганын билдирди.
"Баштапкы тергөөнүн жүрүшүндө Хуррамов Х.П. менен Курбанов Ф.Д. кылмышка Куляб шаарынын мэри Бахром Иноятзоданын көрсөтмөсү менен барган",-деп айтылат Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматы тараткан билдирүүдө.
Иноятзода Куляб шаарынын башына өткөн жылы жазында келген. Ага чейин ал бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген.
Тажикстанда калаа мэрлерин президент Эмомали Рахмон түз дайындайт жана аларга карата кылмыш иши өтө сейрек козголот.
Тажик коопсуздук кызматынын билдирүүсүнөн кийин Рахмон өз буйругу менен Абдукодир Вализоданы Куляб шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындады.