Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Бишкектеги Улуттук тарых музейин быйыл ачууга аракет кылып жатканын билдирди. Ал 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаровдун суроосуна жооп берип жатып, 2020-жылы Орусия менен кошо иш-чараларды ушул музейде өткөрүү каралганын айтты:
«Акчасын берип, ачкычтарын алабыз. Азыр жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүрүп жатат», - деди Жаманкулов.
Буга чейин Жаманкулов музейди оңдоодогу коррупциялык иштер боюнча сот болуп жатканын жана музейди оңдогон германиялык компанияга Кыргызстан 225 миң евро карыз экенин айткан.
Немис ишканасы кыргыз тарап 225 миң евро төлөгөндөн кийин гана музейдин ичиндеги электрондук системанын ачкычын бере турганы кабарланган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда музей ишине байланыштуу сот жүрүп жатат. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева баш болгон адамдар «Коррупция» беренеси менен шек саналууда.
2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги Улуттук тарых музейин оңдоону колуна алып, ага 15 миллион доллар өлчөмүндө каражат караган.
Кийин Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы пикир келишпестиктен улам түрк тарап музейди оңдоо ишин токтотуп койгон. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен 1,5 миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.
Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайн өзгөртүлгөн. Музей ушул күнгө чейин ачыла элек.