Хаменеинин өлүмүнө кайгырган жана кубанган ирандыктар
АКШ–Израил соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи каза болду. Анын өлүмүнө байланыштуу Иранда жана коңшу өлкөлөрдө расмий аза күтүү жана нааразылык акциялары өтүп жаткан маалда, анын бул дүйнөдөн өткөнү тууралуу кабарды кубаттап, коштогондор да көп болду.
1
АКШ-Израил аба соккуларынын натыйжасында каза болгон Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин өлүмүнө кайгырган ирандыктар.
2
Хаменеинин өлүмүнө байланыштуу Тегерандын Энгелаб аянтында аза күтүп жаткан аялдар.
3
Жапонияда жашаган айрым ирандыктар Ирандын Токиодогу элчилигинин жанында чогулуп, Хаменеинин өлүмүн кубаттап жатышат.
4
Иракта демонстранттар Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин Багдадда нааразылык акциясын өткөрүштү. Reuters агенттиги жазгандай, Ирактын полициясы Иранды колдогон жүздөгөн демонстранттарды таркатуу максатында жаш агызуучу газ жана кулак тундурган граната колдонду.
5
Американын Виржиния штатында жашаган теги ирандык жарандар да Хаменеинин каза болгону тууралуу кабарга кубанып жатышкан учур.
6
Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү Сринагар шаарында өткөн нааразылык жүрүшүндө шия аялдар АКШга жана Израилге каршы ураандарды чакырышты.
7
Сринагар шаарындагы акциянын айрым катышуучулары аятолла Хаменеинин сүрөтүн кармап турушту.
8
Лос-Анжелестеги Иран жамаатынын майрамдык иш-чарасы. 1979-жылкы Ислам революциясына чейинки Ирандын желегин көтөрүп турган аял.
9
Тегеранда Хаменеиге аза күтүү үчүн миңдеген адам топтолду.
10
Тегерандын айрым райондорунда 28-февралда Хаменеинин өлүмүн майрамдагандар да болду.