Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Тегеранда түтүндөн улам мектептер жабылды


Тегеранды каптаган түтүн. 2019-жыл.
Тегеранды каптаган түтүн. 2019-жыл.

Ирандын баш калаасы Тегеранды каптаган коюу түтүндөн улам шаар бийлиги ондогон мектептерди жаап, ачык абада спорттук иш-чараларды өткөрүүнү токтотту.

Мындай чечим абанын булганышы тууралуу чукул жыйындан кийин 14-декабрда кабыл алынды. Мектептер 17-декабрга чейин жабылары кабарланды. Бийлик ошондой эле калаадагы жол кыймылына чектөөлөрдү киргизип, оор жүк ташуучу машинелерге Тегерандын ичинде жүрүүгө тыюу салынды.

Өткөн жылы Дүйнөлүк Банк жарыялаган баяндамага ылайык, Тегерандагы абанын булганышынын негизги себеби оор жүк ташуучу автоунаалардан, мотоциклдерден, мунай иштетүүчү заводдордон чыккан түтүн эсептелет. Айрым тургундар муну ирээти жок, ойлонулбай салынган курулуштан да көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG