Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Тилек Куралов казак күрөшүнөн дүйнө чемпиону болду (видео)


Тилек Куралов ортодо. Сүрөт Дүйнөлүк Алыш федерациясынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Тилек Куралов ортодо. Сүрөт Дүйнөлүк Алыш федерациясынын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында казак күрөшү боюнча таймашта кыргызстандык балбан Тилек Куралов дүйнө чемпиону болду.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка ылайык Куралов 21-декабрда 100 килограммга чейинки салмакта финалда грузиялык Гиорги Кобаидзени жеңип, алтын медал тагынды. Тилек Куралов финалдык беттешке чейин казакстандык Сайат Шамшиевди, жарым финалда монголиялык Мансалмаа Мунчулуунду жеңип алган.

Тилек Кураловдун алтын байгесинен сырткары күрөштүн бул түрүнөн аталган мелдеште кыргыз балбандары эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болушту. Күмүш байгелерге кыз-келиндер арасындагы таймашта Анара Рыскулова (55 кг.) жана Мээрим Момунова (60 кг.) ээ болсо, коло байгелерди эркектер арасында Нурислам Идрисов (90 кг.) менен кыз-келиндер арасында таймашта Нагира Сарбашова (+75 кг.) алды.

20-декабрда башталып, 23-декабрга чейин уланган бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында казак күрөшү жана алыш бел боо күрөшүнөн алтыдан салмакта кыз-келиндер жана эркектер арасында байгелер ойнотулду. Казак күрөшү боюнча таймаштар 21-22-декабрь күндөрү өтүп, ага кыз-келиндер арасында 15 өлкөдөн 42 спортчу катышса, эркектер арасында 25 өлкөдөн 89 балбан күч сынашты.

Алыш боюнча мелдештер 23-ноябрда жыйынтыкталды. Дүйнөлүк Алыш федерациясынын Фейсбуктагы расмий баракчасындагы маалыматка таянсак кыргыз балбандары беш алтын, бир коло байгеге ээ болушту. Эркектер арасында Марлен Абдрасулов (60 кг.), Элдияр Сексенбаев (70 кг.), Орозбек Аширов (100 кг.), кыз-келиндер арасында Анара Рыскулова (55 кг.) жана Мээрим Момунова (60 кг.) дүйнө чемпиону болсо, Нагира Сарбашова (+75 кг.) коло байгеге ээ болду. (ECh/GT)

XS
SM
MD
LG