Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Мээрим Жуманазарова аянтка келген элге ыраазычылык билдирди.

Акжол Махмудов: Күн ысык, ошого карабай бир муштумдай биригип өтө чоң дем-күч берип жатасыздар. Мен ойлойм, биз жаштарга мотивация бере алдык. Силердин колдооңорду алыстан болсо да сезип турдук. Тилекке каршы, мен финалда ута алган жокмун. Бирок Айсулуу эжебиз менен Мээримге сиздердин колдооңуздар дем берди деп ойлойм.

Садыр Жапаров: Буюрса, медал алып келген спортчуларга өз колум менен сыйлык тапщырам.

Айсулуу Тыныбекова: Чынын айтсам өтө толкунданып турам. Спортчуларды колдоп турдуңуздар. Ушул жерге келип колдогонуңарды көрүп мелдештен кийин көрүп алып ыйладым. Күмүш медалдын баркын сиздердин колдооңуздардан кийин билдим. Алтын медал алып берем деп убада берген элем, бирок ал убадамды аткара албай калдым. Ал үчүн сиздерден кечирим сурайм.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG